Томас Алва Эдисон (англисче Thomas Alva Edison) (1847-жылы 11-февралда АКШнын Огайо штатында туулган – 1931-жылы 18-октябрда Нью-Жерси штатында дүйнөдөн кайткан) – америкалык даңазалуу ойлоп тапкыч жана ишкер.
Томас Эдисон 1847-жылы 11-февралда АКШнын Огайо штатында туулган.
Ал АКШда 1093 ачылышы үчүн патент алган. Улуу Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка өлкөлөрдө да ар кыл ачылыштары үчүн 3 миңдей патент каттаткан. Анын ойлоп тапкыч аракеттеринин натыйжасында телеграф, телефон жана кино жабдуулары жакшыртылган.
Электр шамдарынын эң алгачкы ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бирин сунуштаган. Нью-Йоркто электр кубатын өндүрүүчү алгачкы ишкананы негиздеген. Электр кубатына негизделген туңгуч темир жол унаасын – электр арабасын ойлоп тапкан, электроника тармагын негиздеген, үн жазгыч аспап – фонографты ойлоп тапкан. Эдисондун сунушу менен телефон сүйлөшүү алдында “алло” деп айтуу салты киргизилген.
Томас Едисон 1931-жылы 18-октябрда АКШда Нью-Жерси штатында дүйнөдөн кайткан.
1928-жылы АКШнын жогорку сыйлыгы – АКШ Конгрессинин Алтын медалы менен сыйланган.
Кыргыздар Эдисон тууралуу ХХ кылымдын башында кабардар болушкан.
Маселен, 1913-15-жылдары кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу Эдисон тууралуу кабардар болгон. Өзүнүн бир айылдашынын өтө зиректигин жазып, атаганат, эгерде ал тийешелүү билим алса, Эдисон сыяктуу ойлоп тапкыч болбойт беле деп бул тарыхчы терең өкүнгөн.
Эдисон АКШда 1093 патент алган(жеткиликсиз шилтеме), мынчалык көп ойлоп тапкан киши ага чейин болгон эмес.
...
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Томас Эдисон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.