Теократия (гр.
theos – кудай, kratos – бийлик — түздөн-түз кудайдын бийлиги (мамлекеттин түрү; мамлекетти башкаруу көбүнчө дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт, ал эми чиркөөлүк иерархиянын башчысы жогорку диний жана граждандык бийликке ээ. теократиялык мамлекетте жогорку бийлик үстөмдүк кылуучу чиркөөнүн (диндин) башчысына таандык. Ал «тирүү кудай», «кудайдын жердеги элчиси», «биринчи диний кызматкер» ж. б. деп таанылат. Негизги мыйзам деп «кудайдын буйругу» – ыйык жазуу саналат. Алгач теократия түшүнүгү жана термини б. з. ч. I к. жашаган Иосиф Флавий тарабынан Иудей падышачылыгынын саясий түзүлүшүнө карата пайдаланылган. Ал жерде биринчи жолу диний кызматкер башында турган жрецтердин теократиятык бийлиги орнотулган. Орто кылымда Батыш Европада римдик папалар Папа областынын теократиятык башкаруучулары болуп калышкан да, «христиандык дүйнөнүн» бардыгынын үстүндө теократияны орнотууга умтулушкан. Көп кылымдар бою Тибетте башкаруунун теократиятык формасы далай-ламанын колунда болгон. Өзүнүн эскилигине карабай теократия биздин күндөргө чейин сакталып калган (Ватикан, Иран ж. б.).
"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Теократия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.