Татымал — өсүмдүктөрдөн алынып, тамак-ашка аз өлчөмдө кошулуучу кескин жыты жана даамы бар заттар: калемпир, жалган кычы (горчица), лавр жалбырагы, корица, чеге гүл, зире, анис жана башкалар.
Татымал жашылчаларга сарымсак, пияз, хрен, ашкөк жана башкалар кирет. Калемпирдин кызыл, кара, тоголок жана талкаланган түрлөрү тамакка кошулат.
Татымал жашылчалардын составында эфир майы, аларга өзгөчө жагымдуу жыт жана даам берүүчү заттар, ошондой эле аскорбин кислотасы, каротин, фоли кислотасы, пиридоксин сыяктуу витаминдер болот.
Андан тышкары татымал жашылчалар бактерициддик касиетке ээ болгондуктан, дарылыкка да колдонулат. Татымалдарды ашыкча пайдалануу жарабайт, дүүлүктүргүч таасири айрым ооруларга жакпайт.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Татымал, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.