Сын Атооч

Сын атооч- заттын өңүн, түсүн сынын,сапатын, даамын, формасын жана башка көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат.

М и с а л ы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак жана башка. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат.Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска . Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт. Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер.

Сапаттык сын атоочтун мучолору

Заттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат. Мисалы: ичке, сулуу, ак, жашыл, тунук, ачуу, тегерек, тоголок, шайыр, түнт, жакшы, жаман, кызылыраак, өтө чоң, абдан сонун, саргыч, бозомук, чоң-кичине, жакшы-жаман, ак-кара жана башка. Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат. Мисалы: токойлуу жер, тоодой толкун, темирдей тартип, жаанчыл ай, даамдуу тамак, тумакчан киши, аталаш тууган жана башка.

Сын атоочтун даражалары

Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража. Жай даража Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү жана башка. Салыштырма даража Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак). Күчөтмө даража Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат.

  • а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат.Мисалы:эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.
  • б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат.Мисалы: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонун көчөлөр ж.б.
  • в) затташкан сын атоочтор күчөтмө даражаны уюштурат.Мисалы:мыктынын мыктысы, сулуунун сулуусу жана башка.

Басаңдатма даража

Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

  • -ыш Мисалы:агыш, көгүш
  • -гыл Мисалы: киргил, чаңгыл
  • -ылжым, -ылжын Мисалы:көгүлжүм, көгүлжүн
  • -гыч Мисалы:саргыч
  • -гылт Мисалы:кызгылт
  • -гылтым Мисалы:кызгылтым ж.б.

Салыштырма даража

Салыштырма даража заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак).

Сын атоочтун жасалышы

Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр:

  • -луу – токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу адам
  • -дай - тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл
  • -сыз - ботосуз төө, суусуз жер, айсыз түн
  • -гы (-кы) - жазгы суу кышкы тоо, жайкы ысык
  • -чул - суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура
  • -лык - шаардык адам, айылдык жер, жылдык түшүм
  • -чан - атчан адам, тончон бала, кийимчен киши
  • -мер - ишмер кызматчы, сөздөр чал
  • -дак - кумдак жер, таштак өрөөн, сыздак жер
  • -кор - малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай
  • -ий –илимий иш, тарыхый окуя, диний көз караш

Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр:

  • -гыр - алгыр куш, өткүр бычак
  • -гыч –аткыч киши, илгич мышык, жазгыч акын
  • -гак - соргок кузгун, тайгак жол
  • -аак - ыйлаак бала, тердээк ат
  • -ык - жыртык кемсел, кетик тиш, тунук суу
  • -чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз, тырышчаак окуучу
  • -аанак - кабаанак ит, сүзөөнөк уй, качаанакат
  • -калаң – шашкалаң киши, каткалаң үнсүз
  • -ыңкы – көтөрүңкү кабак, басыңкы маанай
  • -ма - жайма базар, өрмө жүгөн
  • -ыш - тааныш адам, окшош буюм
  • -ынды - уланды мүчө, туунду сөз
  • -ын - агын суу, саан уй
  • -арман - чабарман жигит, күйөрман киши ж.б.

Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышы

Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. М и с а л ы: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору, кызыл ала, кара көк, мала кызыл, кара кочкулж.б.

Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушу

Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат:жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер жана башка.

Сын атоочтун синтаксистик кызматы

Затташып ээлик милдетти: кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер. Баяндоочтук: Бүтүн жер жүзү - аппак, кооз жана эң сулуу. Аныктоочтук: Кадырлуу адамдар келишти. Ал мага жаңы кубат, жаңы күч берди. Бышыктоочтук: Ысмайыл ырайымсыз көрүндү. Унү жагымдуу угулду жана башка.

Tags:

Сын Атооч Сапаттык сын атоочтун мучолоруСын Атооч Сын атоочтун даражаларыСын Атооч Басаңдатма даражаСын Атооч Сын атоочтун жасалышыСын Атооч Сын атоочтун синтаксистик жол менен жасалышыСын Атооч Сын атоочтун заттык мааниде колдонулушуСын Атооч Сын атоочтун синтаксистик кызматыСын Атооч

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТажикстанКасымалы БаялиновЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыКургак учукОкутууну уюштуруу формаларыДаван мамлекетиУйгур кагандыгыЭлектрондук почтаМеталлЖоопкерчилиги чектелген коомСеметейдин туулганыТайлак баатырЭволюцияЖалал-АбадЖөтөлгө каршы дарыларӨсүмдүкАсан КайгыОкутуу методуСолтоноев Белек Солтонкелди уулуӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиДүйнөлүк диндерАнглияШахматКөк бөрүАфрика өлкөлөрүнүн жана көз каранды аймактарынын тизмесиДарыяТермелүү кыймылыСын атоочГепатитКөкө уулу ЖеңижокТөлөгөн КасымбековСабактын түзүлүшүСуу ЧечекАз кандуулукЭне-Сай кыргыз кагандыгыФилософияТамактанууИсторизмдерТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүИшкердикТоо арасында (роман)ЭкстремизмКыргызстан тарыхыПовестьОгуз намеМүчөБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмКөйгөйлүү окутууБышыктоочКара кытайлар (кара кидандар)Өнөр жайТаш дооруКит сымалдарМорфологияЫсык-Көл облусуЭтишЖерХХ кылымдын гомериАлмамбеттин баяныБиоценозЖигитов, СалижанЭтек кир (айыз, менструация)СахабаларЭнесай кыргыздарыНатуралдык санСинтаксисКыргызстандагы жаан-чачындарИсхак РаззаковКеп маданиятыБанкЭкологияСократМиң сомСүмөлөкМеркурий🡆 More