Самурай

Самурай (жапончо 侍, бу́си жапончо 武士) — орто кылымдардагы жана феодал доорундагы Жапониядагы ак сөөктөр тобу.

Алар диний макамга ээ болгон эмес. Алардын арасында бектер да, колбашчылар да, жакырданган жергиликтүү ак сөөктөр да болгон. Бул терминди тар мааниде “аскердик-феодалдык ак сөөк катмар” деп да колдонушат. “Самурай” сөзү менен “буси” сөзү көп жагынан маанилеш, бирок “буси” сөзү көбүнесе “жоокер” маанисинде аңдалат. Самурайлардын арасында аскер өнөрүнөн тышкары поэзияны, көркөм өнөрдү, философияны кадырлаган жана өнүктүргөн инсандар да көп болгон. Жапондук самурайды кыргыздын “Манас” дастанындагы чоро менен кыйыр салыштырууга болот.

Самурай
Курал-жаракчан самурай, 1860-жыл.

Кыскача тарыхый таржымалы

Самурай 
Сацума бектигиндеги самурайлар. 1860-жж.

«Самурай» сөзү saberu' (кызмат өтөө, колдоо) деген этиштен келип чыккан.

Самурай – тек гана кызматтагы киши эмес, Ал жоокер, кошуундагы чоро болуп чектелбейт, ал өзү баш ийген төбөлгө аскердиктен башка тармактарда да кызмат өтөгөн.

Самурайчылык - 646-жылкы Тайка реформасынын негизинде келип чыккан социалдык топ.

Самурай 
Жапондук «кабуки» театрында өнөр көрсөткөн актерлор аскер кийимчен самурайдын бейнесин чагылдырууда. 1880-жыл.

Самурайлар катмары социалдык топ (же тап) катары император Камму бийлеген доордо (8-к. башы – 9-к. башында) өзгөчө өнүгүүгө мүмкүндүк алган.

Ал доордо император Камму жергиликтүү айн элине каршы күрөштө самурайларга таянууга умтулган.

10-12-кылымдарда самурайлардын муундан муунга оозеки мурасталган адеп-ахлактык эрежеси («Жаа менен аргымактын жолу») калыптанган. Бул эрежелер топтому кийинчерээк «Жоокердин жолу» («Бусидо») деген мыйзамдык жыйнакка өсүп чыккан.

Самурайлардын өзгөчө социалдык катмар катары расмий катталышы Жапонияда «Гэмпэй урушу» атка конгон атуулдук согуштан кийинки учурга - Минамото тукуму бийлеген доорго (1192-1333) таандык.


Алтын доор

Самурай 
Камакура сёгундугунун биринчи сёгуну Минамото-но Ёритомо.

Самурайчылыктын алтын кылымы катары биринчи Сёгун өкүм жүргүзгөн доордон Онин урушу чыккан доорго чейинки мезгил каралат. Бул – салыштырма тынч мезгил болгон. Бейпил турмуш маалында самурайлардын саны да аз болгон, бакыбаттык турмуш деңгээли да мурдагыдан алда канча өйдө болгон.

Ич ара уруштар доору

Жапонияда аймактык колбашчылар-акимдер сёгундун бийлигин сөз жүзүндө гана таанып калышкан.

Кыскача адабият

Интернеттик шилтемелер

Tags:

Самурай Кыскача тарыхый таржымалыСамурай Кыскача адабиятСамурай Интернеттик шилтемелерСамурайЖапонияЧоро“Манас” эпосунун академиялык басылышы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТактоочКачыбек Шералы уулуФонетикаИнфляцияИч көбүү (метеоризм)Ондук эсептөө тутумуФразеологизмЭки жүз сомЭпосМанап бийКожожашУран (планета)Атоочтук сүйлөмИнсанМанас эпосуЭлектр кыймылдаткыч күчүАлымбек даткаТок күчүКошожашМеталлФантастикаИнтернет тарыхыКан агууАдеп тарбиясыТоп жылдызМухаммед пайгамбарБөйрөк ишинин начарлашыЖакиев БексултанЭтиштин чактарыАмир ТемирБарпы АлыкуловКомузМанас эпосу, ЭнциклопедияКыргыз Республикасынын президенттериСелНиязбек бий, Эсенгул уулуКлеткаКыргыз Республикасынын улуттук китепканасыГлобалдык көйгөйлөрДаван мамлекетиКедейкан (эпос)ЭссеОсмон империясыЖаз, жай, күз, кыш... жана жазЖакыпКыргызстандын мамлекеттик тилиЖарганатТаш-РабатСырдык сөзАла-Арча Улуттук ПаркТамак сиңирүүКөркөм өнөрӨзгөрмө токУсун мамлекетиОшЭхинококкозАйгүл гүлүКлиматСеметейФилософияБаланын укуктары жөнүндө конвенцияРаев Султан АкимовичБайламтаДем алуу«Жаңыл Мырза»АзербайжанИндия элдик көтөрүлүшүСпортКөкөтөйдүн ашыЭмчектеги балаКара-Кулжа районуОш мамлекеттик университетиСтамов АсанбекЭлектр энергетика системасыТүргөш кагандыгыЛидерликКойСибирь кыргыздары🡆 More