Прометей – байыркы грек мифологиясындагы кудайлардын каарынан элди коргогон титан.
Мифтин эзелки бир версиясында Прометей Олимптен от уурдап, адамдарга берип коёт. Бул иши үчүн ал Зевстин буйругу менен аскага кадалып, кыйноо тартат: бир бүркүт күнүгө же күн алыс учуп келип, Прометейдин боорун чокуп жеп кетип турат, боор болсо кайра жаңырып өсө берет. Ошентип бул кыйноо жүздөгөн жылдардан 30 миң жылга, башкача айтканда Геракл бүркүттү жаа менен атып, Прометейди бошотконго чейин созулат. Прометей жөнүндөгү мифтин негизинде Эсхил «Кадалган Прометей» аттуу трагедия жазган. Прометейдин образы кийинки доорлордун поэзиясында (Ж. Байрон, П. Б. Шелли, Н. П. Огарёв, Т. Шевченко ж. б.), музыкада (Ф. Лист, A. Н. Скрябин ж. б.), көркөм сүрөт искусствосунда (Тициан, Ф. Г. Гордеев ж. б.) да чагылдырылып, жаңы мотивдер менен байыган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Прометей, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.