Подгорица (1946–92-жылдары Титоград) – Черногория Республикасынын борбору.
Подгорица муниципалитетинин административдик борбору. Климаты жер ортолук деңиздик. Жылдыкорточо температурасы 16,4°С. Жылдык жаан-чачынынын саны 1544 мм. Калкы 147,0 миң (2010). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.
Байыркы Рим Бирзиминиум тургун жайы катары негизделген. Кийинчерээк Рибница аталып, славяндардын тургун жайы болгон. Подгорица деп 1326-жылдан эскерилет. 15-кылымдын аягынан Осмон империясынын курамында. Берлин конгрессинин чечими менен 1878-ж. Черногорияга кайтарылган. 1918-жылдан Сербдер, ховаттар, словендер королдугунун 1929–2006-жылдары Югославиянын 2006-жылдан Черногориянын курамында. Өлкөнүн ишкер жана өнөр-жай борбору. Алюминий комбинаты (өлкөдөгү эң ири), металл иштетүү, эмерек, текстиль, тамак-аш өнөр-жай ишканалары жана 2 биржа иштейт. Шаарда чет өлкөлүк компаниялардын өкүлчүлүктөрү, банк секторлору жайгашкан. Ири соода борборлору (2009, 2010) ачылып, заманбап кварталдар жана коомдук имараттар курулууда. Университет, Черногория Илимдер Академиясы, калк китепканасы, театр, музейлер (анын ичинде археологиялык, этнографиялык), галерея, маданий-маалымат борбору бар. Түрк чептеринин калдыктары (15-кылым), 17–19-кылымдарга таандык үйлөр сакталган. Эл аралык театр фестивалдары өткөрүлүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Подгорица, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.