Плотина, тогоон, суу деңгээлин көтөрүү, суу басымын жогорулатуу жана суу сактагыч түзүү максатында дарыяны тосуп курулган гидротехникалык курулма.
Ал суунун денгээлин бийиктетип, кеме жүргүзүүгө, карагай агызууга, сугат үчүн корук түзүүгө, энергия өндүрүүдө суу агымынын урунуш басымын көбөйтүүгө, дарыяда суу тартылганда сууну көбөйтүп жана суу киргенде азайтып жиберип турууга мүмкүндүк түзөт. Плотинанын констртрукциясы анын өлчөмүнө, жергиликтүү шартка жана негизги курулуш материалдарына карата аныкталат. Арналышына жараша суу сактагыч жана суу көтөргүч болуп бөлүнөт. Гидротүйүндүн курамында аткарган ролуна жараша тосмо, суу агызма жана станциялык Плотина болуп айырмаланат. Жасалган материалдын түрүнө жараша топурак, таш, бетон жана жыгач Плотина деп аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Плотина, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.