Пирин, Пирин-Планина – Болгариянын түштүк-батышындагы кырка тоо (түштүк тармактары Грекияда).
Узундугу 75 км. Эң бийик жери 2914 м (Вихрен чокусу). Гранит, кристаллдык сланец, мрамор тектеринен түзүлгөн. Места, Струма дарыясынын орто агымындагы өрөөндө түндүк- батыштан түштүк-чыгышка созулуп жатат. Рельефтин альп формалары мүнөздүү; мөңгүнүн таасиринен пайда болгон көлдөр, этегинде көптөгөн терм булактары бар. Жазы жана ийне жалбырактуу токой, 2000 мден жогору тоо шалбаасы, жапалак арча өсөт. Вихрен улуттук паркы уюшулган. Курорттор бар. Туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пирин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.