Пародия (гр.— ырга каршы) — сатиралык чыгармалардын бир түрү.
Мында пародист кимдир бирөөнүнү чыгармасындагы жарамсыз жактарды алат да, ошол жарамсыз жактарын андан бетер апыртып көрсөтөт. Пародия жазып жаткан автор өзү пародиялап жаткан чыгарманы жакшы өздөштүрүүсү шарт. Атактуу испан жазуучусу Сервантестин «Дон Кихот» романы орто кылымдагы рыцардык романдарды пародиялоо максатында жазылган. Мыкты жазылган пародиялар өздөрү сындап жаткан чыгарманы тууроо менен гана чектелбестен, өзүнчө оригиналдуу чыгарманын деңгээлине көтөрүлүп жетет, жазуучунун өсүшүнө, өзүн-өзү аңдап билишине көмөк көрсөтөт. Кыргыз совет адабиятында пародиялар бар. М. Алыбаевдин, С. Жигитовдун, Т. Самудиновдун пародиялары ага мисал боло алат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пародия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.