Осло (норв.
Кургактыкка терең кирип турган Осло-Фьорддун жээгинде, Акэрсэльв дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 590,4 миң (2011; шаар айланасы менен 1 млн). Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Осло Акерсхус фюлькесинин (административдик-аймактык бирдик) курамына кирет. Шаардын туристтерди кызыктыруучу негизги жайы – фьорддор. Климаты мелүүн, океандык. Кышы жумшак, кар көп жаайт. Январдын Орточо темпрасы –5°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 677 мм.
Осло | |||
норв. Oslo | |||
| |||
Өлкө | Норвегия | ||
---|---|---|---|
регион | Чыгыш Норвегия | ||
If:фюльке | Осло | ||
мэр | Фабиан Станг | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Биринчи белгиленген | 1048 | ||
Мурунку аталышы | Асло, Христиания, Кристиания | ||
Аянты | 454 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 623 966 (2013) | ||
Жыштыгы | 1374,37 адам/км2 | ||
Этнохроним | ослолук, ослолуктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +1 | ||
Телефон коду | +47 22 | ||
http://www.oslo.kommune.no/ |
Шаар 1048-ж. король Харальд Ш Хардерод тарабынан негизделген. 13-кылымдын аягынан норвегиялык королдордун резиденциясы, 1572-ж. Норвегиядагы даниялык королдордун адмененын борбору. 1624-жылкы өрттөн кийин шаар калыбына келтирилип, Кристиания аталып, өлкөнүн расмий борборуна айланган. 1924жылдан азыркы аталышында. Машина куруу (кеме, электр-техникалык, радиоэлектроника ж. б.), тигүү, полиграфиялык өнөр жай ишканалары өнүккөн. Ослодо 19-кылымдын эски курулуштары аз кездешсе, 14–18-кылымдын курулуштары андан да сейрек. Негизинен заманбап курулуштар басымдуу. Акерсхус чеби (14-к.; шаардын тарыхый очогу), барокко стилиндеги собор (17-к.), ратуша сакталган. Мында жыл сайын Норвегия парламенти атайын дайындаган Нобелдик комитет тарабынан «Тынчтыкты чыңдоодогу ишмердиги үчүн» Нобель сыйлыгы тапшырылат. Шаардын батыш бөлүгүндө көптөгөн парктар [анын ичинде Фрогнер-парк Г. Вигеланн жараткан гигант скульптуралуу (227ге жакын) ансамбли менен] жайгашкан. Норвегия илимий жана ад-т академиялары, университет (1811), мамлекеттик сүрөт академиясы, музейлер [анын ичинде тарых, археол. жана ачык асман астында, «Фарм», «КонТики» (мында саякатчы Тур Хейердалга таандык өздүк коллекция коюлган), ошондой эле өзгөчө музейлер – байыркы мезгилден учурга чейинки лыжа коллекциялары, консерва ж. б.], сүрөт галереясы, театрлар (анын ичинде улуттук, опера ж. б.), консерватория жана китепканалар бар. Ослонун башка борборлордон өзгөчөлүгү – автомобиль жолдорунун жер астында курулганында. Шаар – лыжа спортунун борбору. Ослодо VI кышкы олимпия оюндары (1952) өткөрүлгөн. Ботаникалык бак бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Осло, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.