Микробиология

Микробиология — микроорганизмдерди, алардын түзүлүшүн, тиричилик аракетин, генетикасын, таралышын, башка организмдер менен өз ара мамилесин изилдөөчү илим.

Микробиология жалпы, айыл чарбалык, ветеринариялык, медициналык жана өнөр жайлык болуп бөлүнөт. Жалпы микробиология микроорганизмдердин түзүлүшүн, өөрчүшүн, тиричилигин, анын жаратылышта көмүртек, азот, энергия айлануудагы ролун жана башкалар изилдейт.

Микробиология
Антони ван Левенгук.

Айыл чарба микробиологиясы

Айыл чарба микробиологиясы топурактын калыптанышында, өсүмдүктөрдүн азыктануусунда, тоютту даярдоодо жана консервалоодо (силос), ошондой эле өсүмдүктөрдүн илдетин пайда кылууда микробдордун ролун изилдейт.

Өнөр жай микробиологиясы

Өнөр жай же техникалык микробиология спирт, ацетон, органикалык кислоталар, витаминдер, антибиотиктер, аминокислоталар жана башкалар продуктуларды пайда кылуучу химиялык процесстерде микробдордун активдүүлүгүн изилдейт.

Медициналык микробиология

Медициналык микробиология оору козгоочу бактерияларды, микроскоптук козу карындарды, вирустарды изилдейт. Микробиология биохимия, органгасалык химия, генетика жана башкалар менен тыгыз байланыштуу. Микробдор жөнүндө алгачкы маалыматты 17-кылымдын 2-жарымында голландиялык илимпоз А. Левенгук өзү жасаган микроскоп менен суудагы, тиш кебериндеги «майда жандыктарды» көргөндөн кийин айткан. Бирок 19-кылымдын 2-жарымынан франциялык илимпоз Л. Пастер, немец илимпозу Р. Кох жана орус илимпоздору И. И. Мечников, С. Н. Бинсградский жана башкалар изилдөөлөрүнөн кийин тез өөрчүдү. Кишиде, айбанатта оорулардын пайда болушунда жана ачуу процессинде микроорганизмдердин ролун Л. Пастер түшүндүрүп, микробиолгияны илим катары негиздеген жана кишини, айбанатты жугуштуу оорулардан сактоо үчүн эмдөө жүргүзүүнү сунуш кылган. Р. Кох күйдүргү, кургак учук, холеранын козгогучтарын ачкан. И. И. Мечников киши менен айбанаттын жугуштуу ооруларга туруктуулугу жөнүндө окуунун негизин түзүп, фагоцитозду ачып (Иммунитет), лейкоциттердин, көк боордун клеткалары жана чучуктун бул процесстеги ролун көрсөткөн. Азыр медициналык микробиолгия жана эпидемиология тез өөрчүп, анын негизинде биздин өлкөдө жугуштуу оорулардын таралышын жана абдан коркунучтуу чечек, чума, холера, безгек жана башкаларды жоготуу мүмкүн болду.

Колдонулган адабият

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Микробиология Айыл чарба микробиологиясыМикробиология Өнөр жай микробиологиясыМикробиология Медициналык микробиологияМикробиология Колдонулган адабиятМикробиологияГенетикаМикроорганизмдер

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Баланын укуктары жөнүндө конвенцияОсмон империясыМыйзам (укук)Улуу Британия«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруБашкы баракАжы бийБакыт КапаровТаранчыКар көчкүМагнит талаасыИскактын көтөрүлүшү (1873–75)ВикиИррационалдык санТранспортМанас НиязовУлуу жибек жолуСинтаксисАбанын булганышыКоёндор жапайыКулакГүлКыргыз автономиялуу облусуКоруктарБилим берүүТойбаев, Мырзабек РаевичҮмөтаалы Ормон уулуТүрк кагандыгыЖасалма интеллектЖакшылыков АсанМанас эпосуАйИсламМурун бүтүүМирбек АтабековЛексикологияТүштүк АмерикаЖентек той, бала көрүүАлдаш МолдоПиелонефритЛексикалык мааниСынган кылычРеформаАлай районуЖөтөлБуудайЧаткал өрөөнүТеңир-ТооИч көбүү (метеоризм)Кыз куумайСейтек эпосуМакал лакапАлмаНаркул уулу НурмолдоХуннуТайлак баатырМейозЖайыл баатырВирусКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыУулуу өсүмдүктөрПрозаМаркетингМукай ЭлебаевТамак сиңирүүЭстетикалык тарбияБир тутумдуу сүйлөмКан басымыБиосфераАсан КайгыКыргызстандын Россияга каратылышыМамлекеттердин тизмесиКошожашПрокси серверСоциалдык конфликтКүн🡆 More