Менделеевий (Mendelevium, Md) – Д.
И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи; актиноиддерге кирет, к. н. 101, ат. м. 258,0986; элемент Д.И.Менделеев урматына аталган. Туруктуу изотоптору жок. Терс электрдүүлүгү 1,2 (Полинг б-ча). Жер кыртышында, метеориттер, күндө жана космикалык нурдан табылган эмес. 1967-ж. 258Md изотобу ачылышы күтүлбөгөн жаңылык болгон, анткени анын жарым ажыроо мезгили Т1/2 =56 суткага барабар. Бул актиноиддер үчүн ат. н-лерин өсүүсү менен бул параметр кескин азайышын дагы бир жолу далилдеди: Cf - Т 1/2 = 600 жыл, Es - Т1/2 = 280 сутка, Fm - Т1/2 = 94 күн. М. 247Md - 252Md, 254Md - 250Md массалык сандарга ээ болгон 13 туруксуз изотобу бар. Туруктуулары: 258Md (Т1/2 =56 сут.), 260Md (Т1/2 =32 күн), 257Md (Т1/2 =5 с.) жана 256Md (Т1/2 =75 мин.). Көбүрөөк туруктуу болгон окистенүү даражасы +3. М. бардык касиеттерин изилдөө өтө аз сандагы 258Md менен жүргүзүлгөн. Md3+ иону LaF3 менен металлдар гидроксиди, карбонаты менен кошо чөгөт, ал эми ДАЦЭКС-50 чайыры жардамы менен иондук алмашуу б-ча бөлүп алууда сүт, лимон же a-гидроксиизомай к-талары менен фермийден мурда жуулат, трибутилфосфат менен экстракциялоого болот. Башка актиноиддер айырмаланып, Md3+ цинктин, натрийдин амальгамалары, о. эле Cr2+, Eu2+, V2+ жана Yb2+ иондору таасири менен Md2+ өтөт, Md2+ болсо, BaSO4 менен белгилүү даражада кошо чөгөт. 256Md изотобу 1955-ж. 1-жолу Б.Харви, Г.Чоптин тарабынан 253Еs a-бөлүкчөлөр менен нурлантуудан алынган. М. азырынча эч жерде колдонулбайт жана хим бирикмелери жок.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Менделеевий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.