Латыш тили – латыштардын тили.
Негизинен Латыш Республикасында жашаган элдер сүйлөйт. Индевропа тилдеринин балтика тобуна кирет. Латыш тили – ортонку латыш, ливон, жогорку латыш деп 3 диалектиге бөлүнөт. Адабий тили ортонку латыш диалектисинин негизинде калыптанган. Латыш тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: басым сөздүн биринчи муунуна түшөт; жак жана жөндөмө системасы ар түрдүү; дифтонгдору жоюлган, сөз мүчөлөрүндөгү созулмалар кыскарып калган. Жазмасы 16-кылымдан латын алфавитинде.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Латыш тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.