Көгүчкөндөр, кептерлер (лат.
Канаты узун, учтуу, жакшы учат. Түсү ар түрдүү. Жер бетинин мелүүн жана тропик алкактарында кеңири таралган. 43 уруусу, 285 түрү белгилүү. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 3 уруусунун 13 түрү кезигет. Көбү келгин куш. Көгүчкөндөр токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, курулуштарга уялайт. 2 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы тең басат. Экиден же кээде колония болуп жашайт. Балапаны жылаңач, кээде сейрек тыбыттуу болот. Өсүмдүк уругу, мөмөсү менен азыктанат. Суу ичүү үчүн алыс аралыкка учуп барат. Азыркы почта жана кооздук Көгүчкөндөр Көк көгүчкөндөн чыккан. 6 түрү, 9 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ак төш көгүчкөн менен сур көгүчкөн (эверсмаин) Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кирген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Көгүчкөн, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.