Кыргызстандагы коронавирус пандемиясы — 2020-жылдын 18-мартында катталган
Кыргызстандагы коронавирус пандемиясы | |
Сузак району | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Оорунун аталышы | |
Вирустун түрү | SARS-CoV-2 |
Өлкө | Кыргызстан |
Алгачкы катталган аймагы | Сузак району |
Келген датасы | 12-18-март 2020 |
Тастыкталган учуру | Сауд Арабиясы |
Жугузгандардын саны | 7094 ▲ (+327 бир суткада) |
Айыккандардын саны | 2714 ▲ (+59 бир суткада) |
Каза болгондордун саны | 78 ▲ (+2)(толук маалымат) |
http://med.kg/ru/informatsii/3747-statisticheskie-dannye-po-covid-19-v-kyrgyzstane-na-14-yanvarya.html | |
Аудио, фото, видео Уикиказынада |
2019-жылы декабрда Ухань шаарында белгисиз пневмониянын алгачкы учурлары катталган. Кытай бийлиги белгисиз пандемия башталганын жарыялап, 22-январдан тарта Ухань карантинге жабылууга мажбур болгон.
Бул дүйнө жүзү боюнча глобалдык карантиндин башталышы болгон. Ал эми 17-мартта Кыргызстан чек араны толугу менен жаап, чет элдиктердин киришине тыюу салган. Өкмөт 50дөн ашык орундуу ресторандар менен кафелердин иштешине тыюу салып, муфтият өлкөдөгү жума намазын токтоткон.
Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган алгачкы 3 Кыргызстандын жараны Сауд Аравиядан 12-мартта учуп келишкен. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, обсервацияга алынган. Бул бейтаптар Сузак районунун Благовещенка жана Бостон айылынын тургундары болуп чыккан. 21-24 мартта өкмөт өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, саат 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизген.
Кыргызстанда 24-мартка карата жалпысынан COVID-19 оорусу боюнча 42 тастыкталган учур катталды. Өзгөчө кырдаал учурунда негизинен, дүкөндөр, дарыканалар, негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр (нан, сүт) ишин улантып, май куюучу жайлар, тигүү цехтери, техникалык тейлөө станциялары, турак жай-коммуналдык чарба тармактары гана иштеген.
Дезинфекция жалпы өлкө боюнча массалык түрдө, айрыкча коронавирус табылган шаарларда жана аймактарда текши жүргүзүлгөн.
Тышкы каналдар.
Негизинен төрт негизги тышкы канал бар:
1) пандемия, социалдык-экономикалык жашоону бузушу;
2) чек аралардын жабылышы,
3)соода чаралары,
4) эл аралык базар баалары жана пандемиянын башкаларга тийгизген таасири. Бардыгы Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин ортосунда жабык болгон.
Соода чараларына токтолсок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 22-мартында буудайды, унду жана башка кээ бир өнүмдөрдү экспорттоого 6 айлык тыюу салынган.
Тыюу тамак-аш, ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттарды да камтыган. 2020-жылдын май айында алтындын баасы бир трой унциясы үчүн 1700 доллардан ашып, 34% га жогорулады. 2020-жылдын алгачкы 4 айында өлкөнүн экономикасынын төмөндөөсү 2019-жылдын деңгээлинен 3% га жогору болгон.
Азык-түлүк жана айыл чарба азык-түлүк бааларынын индексине ылайык баалар 2020-жылдын май айында 2020-жылдын апрелине салыштырмалуу 1,9% га төмөндөп, 2019-жылдын май айына салыштырмалуу 6,5% га түшкөн.
Ички каналдар. Бул каналдар COVID-19 түздөн-түз таасирин камтыйт, ден-соолук, ошондой эле Өкмөт тарабынан киргизилген улуттук карантиндик режим жана ушуга байланыштуу чаралар. Башкача айтканда, биринчи жолу инфекция кыргыздарда качан катталганын, мамлекетте өзгөчө кырдаал качан киргизилгендиги ж.б.у.с..
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал жеӊилдей элек. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-ноябрда 436 жаңы инфекция катталды. Мындан тышкары, ушул күндүн ичинде ушул вирус менен беш адам каза болду. Акыркы суткада каза болгондордун үчөө Бишкек шаарынын тургундары.
Ошондой эле Баткен облусунда дээрлик күн сайын адам өлүмү катталып турат. Расмий маалыматтар боюнча, бул аймакта илдетке чалдыккандардын саны 5 552 адамга жеткен. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасында пандемия башталгандан бери жалпысынан 59 миң 879 адам коронавирусту жуктуруп алган. Анын ичинен 50 миң 741 жаран айыгып, 1 миң 155 бейтап көз жумган. Бүгүнкү күндө 3 441 адам ооруканаларда, дагы 3941 адам амбулатордук шартта үйүндө дарыланууда.
29 ноябрда 137 жаңы учур аныкталды, 84 калыбына келтирилди жана 1 өлүмгө алып келген натыйжалар.
Бүгүн Бишкек шаарында пневмония вирусунан улам пайда болгон COVID-19 жана пневмония ооруларынын жалпы саны 24 миң 365ти түздү, анын ичинен пневмония – 11 081.
Толугу менен айыккандардын саны 21 017 гана.
Өлгөн - 621 адамды тузду.
Аймактар | Жугузгандардын саны | Статистикасы | ||
---|---|---|---|---|
1 | Талас облусу | 0 | 0 | |
2 | Бишкек шаары | 282 адам | +10 ▲ | |
3 | Чүй облусу | 143 | +1 ▲ | |
4 | Ысык-Көл облусу | 12 | +2▲ | |
5 | Жалал-Абад облусу | 147 адам | +3 ▲ | |
6 | Нарын облусу | 136 адам | +7 ▲ | |
7 | Баткен облусу | 24 адам | +1▲ | |
8 | Ош шаары | 113 адам | 0▼ | |
9 | Ош облусу | 180 адам | +2▲ |
Датсы | Жугузгандардын саны | Катталган аймак | Оорунун келиши |
---|---|---|---|
18-март | 3 | Сузак району | Сауд Арабиясы кичи умра |
20-март | 3 | Ноокат району | Сауд Арабиясы кичи умра |
21-март | 8 | Баткен району Сузак району | Сауд Арабиясы кичи умра - 7 Франция - 1 |
23-март | 2 | Ноокат району | Сауд Арабиясы кичи умра |
24-март | 26 | Ош облусу Жалал-Абад облусу | Сауд Арабиясы кичи умра - 14 Контакт аркылуу 12 |
25-март | 2 | Чүй облусу Бишкек шаары | Дубай - 1 Контакт аркылуу - 1 |
27-марь | 14 | Жалал-Абад облусу Ош облусу | Сауд Арабиясы кичи умра - 5 Контакт аркылуу 9 |
29-март | 26 | Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Ош, Бишкек | Дубай — 2 Пакистан — 1 (калганы белгисиз) |
30-март | 10 | Жалал-Абад облусу | Бардыгы контакт аркылуу |
Кыргызстанда вирус алгачкы жолу катталып, аныкталган соң 16 күн өткөндөн кийин биринчи өлүм катталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.