Кулчулук – 1926-жылдын 25-сентябрында Женевада кол коюлган Кулчулук жөнүндөгү конвенцияга ылайык, «ага карата менчик укугуна таандык кээбир же баардык ыйгарым укуктар колдонулган адамдардын акыбалы же абалы».
К. ХIХ кылымдын акырына чейин (АКШ-да 1863-жылы жоюлган, Испанияда – 1886-жылы, Эфиопияда – 1930-жылы, Сауд Аравиясында – 1950-жылы) кеңири тараган адамды бекер пайдалануунун эң байыркы тариздеринин бири болуп саналат. Аны жоюу көп тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтыкты талап кыла турган көрүнүш деп таанылган. 1956-жылы 43 мамлекеттин өкүлүнөн турган Женева конференциясы К., кулсоода, К-ка жакын институттар менен салттарды жоюу тууралуу Кошумча конвенцияны жактырган. Ушу тапта дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнүн мыйзамдары тарабынан ага тыюу салынган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кулчулук, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.