Крабдар, Сааулар (Brachyura, L.
1758) – он буттуу рактар түркүмүндөгү деңиз жандыктары. Денеси таш баканыкындай тегерек, сырты катуу. Башы кичине, катуу кабыкка кирип турат. Биринчи жуп буту менен жылып жүрөт. Буттарында кыпчуурлары бар. Кыска курсагы симметриялуу келип, жаак көкүрөгүнүн алдында ийилип турат. Эркегинин курсак буттары (1 – 2 жуп) копуляция органына айланган, ургаачысыныкы 4 жуп. Жумуртка алып жүрүү кызматын аткарат. Алардын 4 миңден ашык түрү белгилүү, көбүнчө тропик деңиздеринде, дарыяларында, тузсуз сууларында жана кургакта кездешет. Омурткасыз жандыктардын калдыктары – тарптары менен азыктанат. Метаморфоза жолу менен өөрчүйт. Кээ бир түрү түсүн өзгөртүүгө жөндөмдүү. Крабдар тамак катары колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Крабдар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.