Корей тили — корейлердин тили.
Корей жарым аралына, КЭР, Япония, АКШ, Россияга тараган. Корей тили обочолонмо тилдердин бири. Анын пайда болушу жөнүндө түрдүү божомолдор бар. Корей тилин окумуштуулар тунгус-манжур тил тобуна кирерин далилдешкен. Корей тили 6 диалектиге бөлүнөт: түндүк-чыгыш [Түндүк-Чыгыш Кытайдагы корей говорун кошкондо], түндүк-батыш, борбордук, түштүк-чыгыш, түштүк-батыш жана Чежудо аралынын диалекти. Корей тили — агглютинациялама тил. 19-кылымдын аягына чейин жазма адабий тили ханмун болгон. Корей адабий тили борбордук диалектидеги сеул говорунун негизинде калыптанган.
Үндүү тыбыштар: 아-а 야-я 어-о 여-ё 오-о 요-ё 우-у 유-ю . Үнсүз тыбыштар: ㄱ-к ㄴ-н ㄷ-т ㄹ-р/л ㅁ-м ㅂ-п ㅅ-с ㅈ-ч ㅊ-чх ㅍ-пх ㅋ-кх ㅌ-тх ㅎ-х .Корей тилинде окуйбуз: 집 -уй /чип (окулушуу) 가방-баштык/ кабан 사람-адам/ сарам 잠-туш/ чам
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Корей тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.