Акино Корасон - (25.
1. 1933-жылы туулган, Тарлак провинциясы) - Филиппиндин президенти (1986-92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан биринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуангконун тукумдарынан. Филиппиндин мамлекеттик жана саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932-1983) жубайы. 1986-жылы февраль айында Манил шаарындагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийликке келген. 1987-жылы демократиялык конституция (азыркы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башкаруунун алгачкы жылдары Акино «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» катары белгилүү болгон. Экономиканы модернизациялоо, жакырчылыкка жана коррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш-чараларды жүргүзгөн. Башкаруу элитасынын жана оппозициянын ич ара карама-каршылыктарынын күчөшүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжалуу болгон эмгек. Буга карабастан Акино мөөнөтү аяктаганча мамлекетти башкарып, бийликти демократиялык жол менен жады президентке өткөрүп берген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Корасон Акино, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.