Кампала (англисче: Kampala) - Уганда Республикасынын борбор шаары.
Борбордук облусунун административдик борбору. Виктория көлүнүн түндүк жээгине жакын, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-жылы негизделген. 15-кылымда Буньоро королдугунун курамына кирген; 1905-жылга чейин Британия колониялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеббе шаарынан кийин). Тамак-аш—татымал, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1970, улуттук), илимий мекемелер (анын ичинен Уганда коому жана башка), инттар (айыл чарба жана мал чарба продукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка региондук), калк китепканасы, археологиялык изилдөөлөрдүн борбору, музей (Африка музыкалык аспаптарынын кайталангыс коллекциясы сакталган), театрлар бар. Архитектура эстеликтеринен Рубага собору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сакталган.
Кампала | |
---|---|
шаар | |
Кампала | |
Өлкө | Уганда |
Area | |
• Total | 73 sq mi (189 km2) |
Elevation | 3 900 ft (1 190 m) |
Population (2002) | |
• Total | 1 208 544 |
Time zone | GMT+3 (UTC+3) |
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кампала, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.