Бах, Иоганн Себастьян (21.
3. 1685, Эйзанах 28. 7. 1750, Лейпциг) немис композитору, органист, клавесинчи. Ордруфта (1665-1700), Люнебургда (1700-03) окуган. Тирүүсүндө органист катары атак алып, композиторлук жагынан анча таанылган эмес. Анын музыкасынын кадыры кийин гана билинди. Бах операдан башка жанрлардын баарында иштеп, 1000ден ашуун ар түрдүү музыкалык чыгармаларды жараткан. Орган, клавир, оркестр үчүн жазылган сюиталары, сонаталары, концерттери, фугалары бар. Белгилүү чыгармалары: «Матфейди эңсөө», «Си-минор мессасы», «Магнификат», «Рождество ораториясы», «Пасха ораториясы» ж. б. Диний мазмунда болсо да Бахтын музыкасына полифония менен гармониянын көркөм айкалышы, көркөм сүрөттөөнүн дааналыгы, философиялык тереңдик мүнөздүү. Лейпцигде 1950жылдан бери ар 4 жылда Бах атындагы эл аралык конкурс өткөрүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иоганн Себастьян Бах, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.