Иваново шаары - (1932-ж.
чейин Иваново-Вознесенск) Россиядагы шаар (1871-жылдан). Иванов облусунун административдик борбору. Уводь дарыясынын боюнда, Москва шаарынан 318 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 409,0 миң (2007). Темир жол бекети. Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль өнөр жайынын (кебез-кездеме, нооту-меланж, камвол ж. б. комбинаттар) ири борбору. Машина куруу, жыгаччылык, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары, кондитер комбинаты, парашют заводу иштейт. Пиво кайнатылат. Жети ЖОЖ (анын ичинде 2 университет), 3 театр, 4 музей (анын ичинде Иваново чыттары (кездеме)), А. С. Бубновдун жана башкалардын үй-музейи, Революция (1905-07) мемориал комплекси бар. Алгач 1561-жылдан эскерилет. 1871-ж. Иваново менен Вознесенский Пасад кыштагынын биригишинен пайда болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иваново шаары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.