Ибн Сина (Фарсча: ابن سینا; толук аты жөнү: Абу Али Хусейн ибн Абдуллах ибн Сина; 980-жыл, Афшана айылы, Бухара — 21-июнь 1037-жыл, Хамадан) — Медицина кызматкери, Физик, жазуучу, философ жана окумуштуу болгон.
Ирандын почта маркасындагы Ибн Синанын портрети | |
Толук аты-жөнү | Абу Али Хусейн ибн Абдуллах ибн Сина |
---|---|
Төрөлгөн | 980 Афшана айылы, Саманийлер мамлекети |
Көз жумган | 18-июнь 1037 (56–57 жаш) Хамадан, Аббасид халифаты |
Доор | Исламдын алтын доору |
Олуттуу идеялары | Медицина, Астрономия, Философия, Астрономия, Поэзия, Химия, Логика, Геология |
Уюмдар | Чыгыш-Перипатетизми |
Таасир бергендер
|
Бухарага жакын жердеги Афшана айылында (Өзбекстан) Хижранын 370 (б.з. 980) жылында жарык дүйнөгө келген. Хамадан шаарында (Иран) 427 Хижранын жылында каза болгон. Медицина жана Философия тармагында жана башка тармактарда 450дөн ашык китеп жазган. Батыш элдерине орто кылымдагы заманбап илимдин негиздөөчүсү жана атактуу даарыгер катары таанымал болот. Медицина тармагында жети кылым бою El-Kanun fi't-Tıb (Медицина мыйзамдары) аттуу китеби Европа университеттеринде 17-кылымдын ортолоруна чейин негизги булак катары колдонулган. Fars veya Türk bilim adamıdır.
Ибн Сина Кушйар аттуу адамдын жанында медицина боюнча билим алган. Ар кандай темаларда 450дөн ашык макала жазган.Бизге жеткен маалыматтар боюнча макалалардын 150 философия, 40 ашыгы медицинага байланыштуу. Чыгармаларынын эң атактуусу философия жана так илимдерди камтыган Kitabü'ş-Şifa (Айыгуу китеби) жана El-Kanun fi't-Tıb' (Медицина илимдери) аттуу китептери. Бул эки китеп ошол учурда өтө чоң эмгектердин бирөөсү болгон.
Самагогулларыı сарайынын кызматкерлеринен болгон Абдуллах ибн Сина'нын уулу Ибн Сина (Батышка Avicenna аты менен таанылган), атасынан, атактуу акылман Натилден жана Исмаил Захитен сабак алган. Геометрия, логика, фыкых, медицина жана жаратылыш тармактарында эмгектенген. Фарабинин аркасы менен[[Аристотел]дин философиясын жана метафизикасын үйрөнүп, ооруп жаткан Бухара ханзаадасын айыктыргандан кийин (997) сарай китепканасын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.Атасы өлгөндөн кийин, Жүр-Жанда Шираздык Эбу Мухаммадтан жардам алып турган. Заманында атактуу болгон грек философторунун эмгектери менен жакындан таанышып чыккан.
Ибн Сина, Исламдын алтын доору болуп атактуулукка жеткен Грекче, Фарсча жана Индия тилинен көптөгөн чыгармалар которулуп жаткан убакта өз салымын кошкон. Хорасан жана Орто Азиядагы Батыш Иран менен Ирак жергесиндеги Бувейнилер илим изилдөө мүмкүнчүлүгүн кеңейткен доор болгон. Бул учурда Куран жана Хадис изилдөөлөрү аябай өнүккөн.Философия, фыкых жана келам изилдөөлөрү Ибн Сина жана замандаштары тарабынан изилденген. Рази жана Фарабиде медицина жана философия тармагында ачылыштар болгон. Ибн Сина, Велх, Хамадан, Хорасан, Рей жана Исфахандагы китепканаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жеткен.
Ибн Сина 980-жылы азыркы Өзбекистанда жайгашкан Бухарага жакын жердегиi Афшана айылында жарык дүйнөгө келген.Атасы Абдуллах Самани хандыгынын атактуу шаары Белхтен келген сыйлуу, кадырлуу илимпоз болгон. 14 жашка келгенде өзүнүн устат жана мугалимдеринен алдыга озуп кеткен.16 жашка чыкканда медицина илимина киришкен жана жаңы ачылыштарды жасоо менен биргеликте даарылоо иштерин баштаган. 19 жашында доктор наамын алган жана акысыз даарылоо ишин жүргүзгөн. .
Ибн Сина алгач 997-жылы эмирдин коркунучтуу оорусун айыктырганы үчүн анын жанында бирге иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.Бул ийгилигинин аркасы менен Саманийлердин улуттук китепканасына кирүүгө уруксаат алат. Китепканада аз гана убак иштегенден кийин кокусунан чыккан өрткө байланыштуу душмандары тарабынан күнөөлөнүп жазаланган..
22 жашында атасынан айрылган. 1004-жылдын декабрь айында Саманий бийлиги кулайт. Ибн Сина батышка Үргенчке кетүүнү туура тапкан. Ал жердеги вазир анын илимдеги досу болгонуна байланыштуу аз болсо да айлык чегерип берген. Таланты ташкындаган Ибн Сина Мервден Нишабургa жана Хорасан чек араларына чейин кыдырган. Ушул убактарда Ибн Сина катуу ооруга чалдыгат. Акырында Арал деңизинин жээгиндеги Горганда эски таанышына жолугуп анын жанында жашап калган. Ошол учурдан баштап шаарда логика жана астрономия сабактарын өтө баштаган. . Мыйзам китебинин жазылып баштоо жылдары ушул учурга туура келет.
Андан кийин Рейде жана Казвинде иштеген. Жаңы чыгармаларды жаратууну да унутта калтырган эмес.. Исфахан жетекчилигинин жанына жайгашкан. БУл жагдайды уккан Хамадан эмири Ибн Синаны карматып, түрмөгө каматкан. Согуш бүткөндөн кийин Хамадан эмиринин жанында иштеген. Кийинчерээк ал жерден кайрадан Исфаханга качып кеткен.
Ибн Сина калган 10 же 12 жылын Абу Жапардын кызматында өткөргөн. Бул жерде докторлук кызматты аркалайт. Ал гана эмес бир канча согуштарга да катышкан. Ушул учурдан тарта адабият жана филология илимине киришкен. Өлүм төшөгүнө жатып калган учурда өзүнүн жыйнаган мал-мүлкүн кедей-кембагалдарга тараткан.. 1037-жылы июнь айында 57-жаш курагында кайтыш болгон. Сөөгү Хамаданда жерге берилген..
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ибн Сина, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.