Турусбеков Жусуп: кыргыздан чыккан поэт, драма жазуучусу.

Турусбеков Жусуп (24-декабрь 1910-жылы, Жетисуу облусу, Күн-Батыш айылы — 1944 жылы, Калинин фронту) — кыргыз советтик поэти, драма жазуучусу.

Совет жазуучуларынын биринчи жыйынына катышкан.

Турусбеков Жусуп
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

поэт, драматург

Туулган датасы:

24 декабрь 1910

Туулган жери:

Күн Батыш айылы, Жетисуу облусу, Орусия империясы

Жарандыгы:

Орусия Орусия империясы

Букаралык:

Орусия Орусия империясы
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

1944 жыл(1944)

Өлгөн жери:

Калинин фронту, Тверь облусу, Орусия

Жубайы:

Кулсун

Өмүр баяны

Акын жана драматург Жусуп Турусбеков Ысык-Көл облусунда Тоң районунда Куч-Батыш айылында 1910-жылы туулган.1916-жылы Үркүндө ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып кайткан Жусуптун балалыгы алгач жокчулукта,кийинчирээк ага кошул-ташыл жетимчиликте отуп,ар кайсы туугандарынын колунда чонойгон.

1922-жылы Ж.Турусбеков Түп районундагы айыл чарба техникумуна алынып, окуй баштайт. Казак, татар, орус адабияттары менен таанышып, 1929-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында корректор болуп иштейт. 1929–1930-жж Тверь шаарындагы советтик-партиялык мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, кыргыз театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, Кыргызмамбастын редактору, Жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жусуп өз ыктыяры менен согушка кетип, 1944-жылы Калинин облусундагы фронтто курман болгон.

Чыгармачылыгы

Ж.Турусбековдун чыгармачылык иши «Кызыл Кыргызстан» гезитинде иштеп жүргөндө башталган. 1928-жылы анын калемине таандык ырлар гезит бетине айрым чыга баштайт. 1932-жылы «Жусуптун ырлары» деген биринчи ырлар жыйнагы басылып чыгат. Драматург катары тааныткан «Ажал ордуна»драмасы, «Айчүрөк» операсынын либреттолору 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасында көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татый алган.

Котормочулук өнөрү

А.С.Пушкиндин «Каменный гость», Г.Гейненин А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Сыйлыктары

«Ардак белгиси» орденинин ээси. Ж.Турусбековдун ысмы республикабыздагы шаарлардын, айылдардын библиотекаларына, мектептерине, көчөлөрүнө коюлган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

Жусуптун ырлары: 1-жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 88 б.

Шайыр жаштар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 60 б.

Ажал ордунда: 8 сүрөттүү драма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 64 б.

Тандалмалуу ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 108 б.

Беш-Мойноктогу окуя: Үч сүрөттүү драма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 16 б.

Ажал ордуна:Поэма. (Эр жигит эл четинде, жоо бетинде). – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1938. – 56 б.

Мекен: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 140 б.

Айчүрөк. 6 сүрөттүү операнын либреттосу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 51 б.

Ленин жолу: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 105 б.

Тандалган чыгармалар: Ырлар, поэмалар жана котормолор. – Кыргыз-мамбас, 1953. – 220 б.

Чыгармаларынын жыйнагы: Ырлар, либретто, пьеса, котормолор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957.– 102 б.

Тандалган чыгармалар: Ырлар, поэмалар жана котормолору. – Ф.: Кыр-гызмамбас, 1957. – 303 б.

Чыгармалар. Бир томдук. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 301 б.

Ленин жолу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 13 б.

Ленин жолу: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1967. – 100 б.

Чыгармалар бир томдук. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 327 б.

Ук, жер жүзү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 59 б.

Мекен: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 28 б.

Тандалмалар: Ырлар жана драма. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 300 б.

Ленин жолу: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 92 б.

Орус тилинде

Ленинский путь: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 81 б.

Пуля и песня. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 88 б.

Ленинский путь. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 13 б.

Котормолору

Пушкин А.С. Таш конок. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 48 б.

Интернеттеги шилтемелер

Tags:

Турусбеков Жусуп Өмүр баяныТурусбеков Жусуп ЧыгармачылыгыТурусбеков Жусуп Котормочулук өнөрүТурусбеков Жусуп СыйлыктарыТурусбеков Жусуп Жарык көргөн китептериТурусбеков Жусуп Интернеттеги шилтемелерТурусбеков Жусуп

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Байтик баатырКайра куруу«Көкөтөйдүн ашы»БеларусьИндияКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиҮй-бүлөлүк зордук-зомбулукКан группаларыКомпьютердик вирус“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыИнсанТаш дооруБиогеоценозЩелочтуу жер металлдарыФонетикаНатрийКыргызстан тоолоруФотоэффектАралКыдыр аке, Байсары уулуКүн тутумуКоомАндронов маданиятыСак уруусуАмир ТемирТоктогул ГЭСиОрто АзияКурмангазы Сагырбай уулуЖаз, жай, күз, кыш... жана жазЖакшылыков АсанАтоочтук сүйлөмАк батаМеталлПланеталардын жандоочуларыКыргыз урууларыКыйыр СөзГидросфераКыргыз алфавитиИспанияСаспаев АманКөкө уулу ЖеңижокЖыл сүрүү жадыбалыКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаСайтЖаңылмачКыргыз композиторлору«Манасчылар»Географиялык улуу ачылыштарСтамов АсанбекКыргыз Республикасынын Кызыл китебиПротоколКыргыз музыкасыКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиИнфляцияСауд АрабиясыСуутекЭпосЖер атмосферасыЧуст маданиятыЛандшафтКанадаЕвропаМектепке чейинки куракЖаңыл МырзаСолтоноев Белек Солтонкелди уулуВитамин жетишсиздигиЖоон ичегиВирусЧыңгыз ханКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыЭлектр зарядыКожожашЖалал-Абад🡆 More