Доналд Жон Трамп (англ. Donald John Trump; 14-июнунь 1946-жыл,Куинс, Нью-Йорк, АКШ) — Амеркалык бизнесмен жана саясатчы.
2017-жылдын 20-январынан баштап АКШнын 45-чи президенти.
Доналд Трамп англ. Donald Trump | |||
| |||
---|---|---|---|
20-январь 2017 — 20-январь 2021 | |||
Өкмөт башчысы: | Майк Пенс | ||
Андан мурунку: | Барак Обама | ||
Андан кийинки: | Жо Байден | ||
Жарандыгы: | АКШ | ||
Туулган жылы: | 14 -июнь 1946 (77 жаш) | ||
Туулган жери: | Куинс, Нью-Йорк, АКШ | ||
Атасы: | Фред Трамп | ||
Апасы: | Мэри Маклауд | ||
Жубайы: | Ивана Трамп (1977—1991) Марла Мейплз (1993—1999) Меланья Трамп (2005 жылдан) | ||
Балдары: | Доналд Трамп кич. (т.ж. 1977) Иванка Трамп (т.ж. 1981) Эрик Трамп (т.ж. 1984) Тиффани Трамп (т.ж. 1993) Бэррон Трамп (т.ж. 2006) | ||
Партиясы: | Республикалык (1987—99; 2009—11; 2012 жылдан тарта) Реформ (1999—2001) Демократиялык (2001—09) Көз карандысыз(2011—12) | ||
Билими: | Пенсильвания университети | ||
Ишмердүүлүгү: | бизнесмен, саясатчы | ||
Сайты: | http://donaldjtrump.com | ||
Автограф: | |||
Толук аты-жөнү - Доналд Жон Трамп. 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс аймагында төрөлгөн. Ишкер жана саясий ишмер. Атасы Фредерик Трамп куруучу болуп иштеген. 13 жашынан тарта Доналд Трамп Аскердик академияда тарбияланган. Академиядан кийин Пенсильвания университетинин алдындагы Уортон бизнес-мектебин 1968-жылы бүтүргөн. ЖОЖду аяктагандан кийин атасынын компаниясында ишин баштап, 1975-жылы компаниянын президенти болгон. Өз алдынча ишке ашырган алгачкы долбоору - Манхэттенде курган бизнес-борбору. Трампты көпчүлүккө атактуу кылган долбоорлордун бири 1982-жылы ачылган Нью-Йорктогу 58 кабаттуу Trump Tower имараты. Анын Trump Parc, Trump Palace, Trump Plaza деген башка долбоорлору да белгилүү. АКШнын Лас-Вегас, Чикаго, Майами, Вашингтон шаарларында, Гавайи аралдарында, Панама, Торонто шаарларында мейманканалары бар.
2005-жылы Donald J. Trump Signature Collection деген аталышта кийимдер тармагын ишке киргизген. Бизнес жаатында бир катар китептердин автору. 2015-жылдын 16-июнунда Доналд Трамп президенттикке ат салышарын расмий жарыялаган. 2016-жылдын июлунда АКШнын Республикачыл партиясынын курултайында анын талапкерлиги бекитилген.
Трамп 5 баланын атасы, учурда үчүнчү аялы менен жашайт. "Forbes" журналынын версиясы боюнча анын материалдык байлыгы 4,5 миллиард доллар. АКШдагы эң бай адамдардын катарында 113-орунда турса, дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 324-орунда.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дональд Трамп, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.