Гүл

Гүл - уруктуу өсүмдүктөрдүн жыныстык көбөйүү функциясын аткаруучу органы.

Гүл
Гүл.

Гүл - аткарган функциясына байланыштуу түрүн өзгөртүп кыскарган өркүн. Эволюциялык өнүгүү мезгилинде анын кай бир жалбырактары спора пайда кылууга ылайыктанышса, калгандары стерилдик жабуучу жалбырактарга — гүл коргонго айланган. Спора пайда кылуучуларына (спорофиллдерее) микроспорофиллдер жана мегаспорофиллдер кирет.

Гүлдүн микроспорофиллдери — аталыктар, мегаспорофиллдери — мөмөжалбыракчалар. Адатта мөмө жалбыракчалар жээктери менен биригип өсөт да, туюк камераны — энеликти пайда кылат, анда урук- бүчүр өөрчүйт. Энелик жабык уруктуу өсумдуктөргө гана мүнөздүү.

Гүлдүн бөлүктөрү: гүл сабы, чөйчөкчө, таажыча, аталыктар жана энеликтер. Гүл сабы — Гүлдү негазги сабак менен байланыштырган сабакча. Кай бир Гүлдөрдүн гүл сабы болбойт, алар — сапсыз гүлдөр.

Гүл сабынын жогорку бир аз жоонойгон бөлүгү — гүл жайгашкыч; анда гүлдүн калган мүчөлөрү жайгашкан. Алардын эң сырткысы чөйчөкчө болуп, көбүнчө жашыл түстүү жалбыракчалардан турат. Чөйчөкчөнүн ич жагындагы Кызыл, кек, көгүлтүр, сары ж. б. түстөгү бир нечө желекче таажычаны түзөт. Таажычанын ич жагында аталыктары, ортосунда бир же бир нече энелиги бар.

Гүлдүн бардык аталыгы андроцей, энелиги гинецей деп аталат. Таажыча менен чөйчөкчө биригип гүл көргөндү түзөт. Гүл көргөн чөйчөкчөдөн же таажыдан гана түрүшу мумкун. Ал чөйчөкчөден гана турса чөйчөкчөдөй (дан өсүмдүктөрү, эмен, кайың) деп, таажычадан гана турса таажычадай (лилия, мандалак) гүл көргөн делет. Чөйчөкчөсү да, таажычасы да болгон гүлдүн гүл коргону — кош гүл коргон, ал эми гүл коргону болбогон гүл жабуусуз же жылаңач деп аталат.

Гүл айлампасы

Көпчүлүк өсүмдүктөрдө гүлдүн бөлүктөрү ачык-айкын көрүнүп турган шаңдуу же тегерек (цикл) түзүшөт. Эң көп кездешкендери беш жана төрт тегерек, б.а. пента- жана тетрациклдик гүлдөр. Ар бир чөйрөдөгү гүлдөрдүн саны ар кандай болушу мүмкүн. Көбүнчө гүлдөр пентацикл болуп саналат: эки периант чөйрөсү (каликс жана королла), эки стаминдердин (андроций) жана бир тегерек карпель (гиноэциум).

Жазуулар

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

Tags:

Өсүмдүктөр

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Маданий өсүмдүкНептунКушКыргыз-Казак согушу (1846)Кыргыз Республикасынын экономикасыТуз (химия)Элдик медицинаТамактанууДарыканаИндияКанадаТянь-Шандын түндүк тизмегиЖапонияКыргызстанКаакым-кукумАтомАйлана-чөйрөАлоэКеп маданиятыСулайман-ТооHTMLМоңголдорӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиЮпитерОрдо оюну24-апрельБөйрөк ишинин начарлашыЖүрөкБышыктоочторЛатын АмерикасыМундуз (уруу)Монгол империясыТушоо кесүү, тушоо тойКарышкырларТүргөш кагандыгыБиринчи майМеркурийТелибай тентекЭпосАлымкул ҮсөнбаевБазарБразилияКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиКокон көтөрүлүштөрүМанасчыХолециститБаланын укуктары жөнүндө конвенцияОкутуу технологиясыАлай тоо кыркасыКош бойлуулукКызматчы сөздөрМаалымат сайтыТехнологияКайра курууАккунасКалдыксыз технологияОрганизмКыргызстан тарыхыКыргызстандын КонституциясыЭхинококкозКаада-салтТаш-РабатЖугуштуу ооруларБайыркы РимОкутуу ыкмаларыКыргыз сомуЖааңгер кожоКескелдирикКыргыз улуттук оюндарыЭкономика жана саясатЗардалы (Баткен району)Даниель ДефоЖаан-чачынФонетикаКумурскаОрозов, Шейше🡆 More