Географиялык координаттар – Жер бетиндеги чекиттин ордун аныктоочу кеңдик жана узундук.
Географиялык кеңдик (φ) – берилген чекиттен өтүүчү түз сызык менен экватор тегиздигинин арасындагы бурч, ал экватордун эки жагына тең 0°тан 90°ка чейин эсептелинет.
Географиялык узундук (λ) - берилген чекит аркылуу өткөн меридиан тегиздиги менен баштапкы меридиан тегиздигинин арасындагы эки грандуу бурч, ал меридиандын башталышынан чыгышты көздөй 0°тан +180°ка (чыгыш узундук) жана батышты көздөй 0°тан – 180°ка чейин (батыш узундук) эсептелет.
Гринвич обсерваториясы аркылуу өткөн меридиан нөл же башталыш меридиан деп аталат.
Геоборбордук координаталар системасы – асман телолорунун абалын Жердин борборуна салыштырылып аныктоочу координаталар системасы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Географиялык координаттар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.