Тасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы

Гарри Поттер жана Философ ташы (кээ бир өлкөлөрдө Гарри Поттер жана Сыйкырчынын ташы болуп чыккан) - бул Крис Коламбус жана Warner Bros.

студиясы тарткан 2001-жылда чоң экрандарга чыккан британ-америкалык фэнтези жанрындагы кинотасма. Фильм британ жазуучусу Жоан Роулиңдин калемине таандык ушул аталыштагы чыгармасы боюнча тартылган. Бул тасма Гарри Поттер фильм франшизасынын биринчи бөлүгү болуп, сценарийин Стив Клоувз жазган жана Дэвид Хейман продюсерлик кылып берген. Тасма Гарри Поттер өзүн атактуу сыйкырчы болгонун билип алып, Хогвартс Көз байлоочулук жана Сыйкырчылык мектебинде билим алууну баштап, биринчи окуу жылында болгон окуяларды чагылдырат. Ролдорду ойногондор: Гарри Поттер ролунда Дэниэл Рэдклифф, Рон Уизли ролунда Руперт Гринт жана Гермиона Грейнжерди Эмма Уотсон аткарган.

Тасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы
Философ Ташы.

Warner Bros. студиясы 1999-жылы £ 1 миллионго китеп боюнча кино тартуу укуктарын сатып алган. Тасма тартуу 2000-жылы Улуу Британияда башталган, режиссер ордуна Крис Коламбус келген - аны менен режиссерлукка ат салышкан Стивен Спилберг жана Роб Рейнер болчу. Роулиң фильмге катышкан бүт актерлор Британия же Ирландиялык болушун талап кылып, кино Ливзден фильм студиясында жана Улуу Британиянын тарыхый жерлеринде тартылган.

Фильм 2001-жылдын 16-ноябрында Улуу Британия жана Кошмо Штаттар кинотеатрларында жарык көрдү. Тасма эң позитивдүү сынчылык кабыл алууга татып, дүйнө жүзү боюнча 970 миллион доллардан ашык киреше тапкан жана мыкты оригиналдуу музыка, мыкты постановка жана мыкты костюм үчүн Оскар сыйлыгына жана башка көптөгөн сыйлыктарга көрсөтүлгөн. Бул тасманын артынан 2002-жылы франшизанын экинчи бөлүгү болгон "Гарри Поттер жана сырлар бөлмөсү" киносу чыккан, ал эмесе "Гарри Поттер жана Өлүм жемиштери: 2-бөлүк" аталыштагы акыркы тасма 2011-жылы франшизанын он жылдык маарекесинде жарык көрдү. "Философ ташы" дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан фильмдердин тизмесинде 34-орунда турат; ал эмесе Гарри Поттер кинолорунан бул көрсөткүчтү бир гана "Гарри Поттер жана Өлүм жемиштери: 2-бөлүк" жакшырта алган.

Сюжет

Гарри Поттер жалгыз калган туугандары болгон Дурсли үй-бүлөсүндө жашап, алардан көп азап көрүп, Англиянын Суррей графствосунда жайгашкан Литтл Уиңиң шаарында жашаган жөнөкөй көрүнгөн бала. Гарри 1991-жылы үй-бүлөлүк сапарлардын биринде кокустан кырсыкка себеп болуп, андан соң күтүлбөгөн жерде үкүлөр жеткирген бир нече кат алгандан кийин Рубеус Хагрид аттуу сыйкырчы менен жолугуп, өзүнүн бүткүл сыйкырчылар дүйнөсүн коркутуп-үркүтүп жүргөн, миңдеген кишинин жанын кыйган (алардын арасында Гарринин ата-энеси Жеймс жана Лили Поттер да бар болчу) кудуретине теңи жок каар сыйкырчы Лорд Волдеморттун кол салуусунан тирүү калган жалгыз адам катары белгилүү болгонун билет. Хагрид Гарриге анын Хогвартс Көз байлоочулук жана Сыйкырчылык мектебине кабыл алынганын кабарлайт. Ийри көчөсү деп аталган жашыруун Лондон көчөсүндөгү сыйкыр дүкөндөрүнөн мектепке камынгандан соң Гарри Кингз Кросс Вокзалынын атайын сыйкырчылар үчүн 9¾ платформасынан Хогвартска бара турган поездке отурат.

Поездде баратып, Гарри таза-кандуу, чоң бирок кедей сыйкырчылар үй-бүлөсүнүн баласы Рон Уизли жана жөнөкөй, сыйкырчы болбогон үй-бүлөдө туулуп-өскөн Гермиона Грейнжер менен таанышат. Мектепке жеткенден кийин Гарри жана аны менен кошо поездде келген башка биринчи класстын окуучулары төрт факультетке бөлүштүрүлөт: Гриффиндор, Хаффлпафф, Рэйвенклоу жана Слизерин. Слизерин факультетинен көп кара сыйкырчылар чыкканын угуп калган Гарри Бөлүштүрүүчү Калпактан Слизеринден башка факультетке жөнөтүүсүн суранат. Калпак суранычынына макул болуп, Гарри, Рон жана Гермиона менен бирге Гриффиндор факультетинин окуучусу болуп калат. Рондун улуу агалары да Гриффиндордо окуган эле: тамашакөй эгиздер Фред жана Жорж, Хогвартс мыкты окуучуларынын бири Перси, Румынияда ажыдаарларды изилдеген Чарли жана Гринготтс банкында иштеген Билл.

Гарри Хогвартста сыйкырчылык үйрөнүп баштайт жана өзүнүн ата-энеси жөнүндө көбүрөөк билип калат. Ал атасынын жолун жолдоп, Гриффиндор факультетинин квиддич (сыйкырчылардын шыпыргы минип алып ойноочу спорт түрү) боюнча курамасына издөөчү катары тандалып алынат. Бир түнү Гарри, Рон жана Гермиона мектептин жабык кабаттарынын биринде Хагриддин Мамык (англ. Fluffy) аттуу чоң үч баштуу итине учурап калышат. Кийин аныкталгандай, Мамык колдонуучусуна түбөлүк жашоого күч берген Философ ташын коргоп келет. Гарри болсо эритмелер сабагы боюнча мугалими болгон заардуу Северус Снейп Волдемортко денесин кайтарып алууга жардам берүү үчүн ташты уурдаганы турат деп шектенет.

Мамык музыка уккан соң уктап калуу адатын Хагридден кокусунан билип алып, үч дос ташты Снейптен мурун таап алууну мерчемдеп башташат. Алар ташты кайтарып турган бир катар сыноолордон өтүшөт, мисалы: Ибилистин тору деп аталган уу өсүмдүгүн аралап өтүү, канаты бар ачкычтарды кубалап, керек болгонун таап алуу жана адам бою менен тең болгон шахмат фигураларды катаал оюнда жеңүү.

Гарри бардык тузактардан өтүп алгандан кийин таш уурдоону аракеттенип жаткан киши Снейп эмес, Кара сыйкырдан коргонуу мугалими профессор Квиррел болгонун, ал эмесе Северус Снейп, тескеринче, Гаррини коргоп келгени анык болот. Квиррел селдесин алып, Волдеморт анын башынын арткы бетинде жашап жүргөнүн көрсөтөт. Волдеморт Гарриге анын ата-энесин оо дүйнөдөн кайтарып берүүгө күчү жетээрин айтып, Философ ташын (мектеп директору болгон кудуреттүү сыйкырчы Албус Дамблдор ойлоп тапкан шумдук бир жол менен таш Гарринин чөнтөгүндө жаткан болот) өзүнө берүүгө ынандырууга аракет кылган, бирок Гарри ага макул болбой коет. Квиррел баланы өлтүрүп, ташты алууга умтулат, бирок ал Гарриге кол салганда күлгө айланып, өлуп калат. Күлдөн бошоп чыккан Волдеморттун руху кетип баратып, Гаррини атайын сүзүп өтөт. Гарри ээсин жоготуп, жерге жыгылып калат.

Гарри эсине келгенде мектептин ооруканасында жатканын жана жанында профессор Дамблдор отурганын көрөт. Дамблдор таштын жок кылынганын жана шахмат оюнунда оор жаракат алган Рон айыгып, Гермиона экөө ден-соолукта экенин айтат. Директордун айтымында, Гарринин энеси баласынын өмүрүн сактап калуу үчүн өз жанын берген, ошондуктан анын курмандыгы эне сүйүүсүндө негизделген сыйкырдуу коргоо күчү катары өзүн көрсөтүп, Волдеморт жана анын кызматында жүргөн Квиррелди жеңүүгө себеп болду. Гарри, Рон, Гермиона үчөө көрсөткөн эрдигине, ал эми алардын классташы Невилл Лоңботтом досторун кооптуу иштерге баруудан сактап калуу аракетине атайын факультет упайлары менен сыйланат да, Гриффиндор бул жаңы кошулган упайлар менен факультеттер арасындагы биринчиликти алат. Жайкы эс алууга кетээрде Гарри башка окуучулар үйлөрүнө кетип жатса, өзүн жүрөгүнө жакын болуп калган Хогвартс үйү менен кош айтышканын ойлонот.

Ролдорду аткаргандар

Роулинг актерлор бардыгы британ же ирландиялык болуусун талап кылган. Кастинг-директор болуп дайындалган Сүзи Фиггис башкы ролдорго актер издеп жатканда Коламбус жана Роулиң менен бирге тандоолорду өткөргөн. Башкы үч каармандардын ролуна ачык кастинг жарыяланса да, бир гана түп-теги британиялык балдар тандалган. Алдын-ала кастингден өткөндөр кийинки этапта үч бөлүктөн турган тандоого катышышкан, алар: "Гарри Поттер" китебинен текст окуу, окуучулардын Хогвартска келүү жерин сахнада көрсөтүү жана режиссер Крис Коламбустун алдында сценарийден бир нече барак окуу. Кээ бир учурларда сценарий катары Коламбус 1985-жылы тарткан "Жаш Шерлок Холмс" тасмасынын сценарийин колдонулган. 2000-жылдын 11-июлунда Фиггис тандоого келген миңдеген балдардан бирөөсү да Коламбуска жакпаганына даттанып, долбоордон өз каалосу боюнча кеткен. 2000-жылдын 8-сентябрындагы буга чейин кино дүйнөсүндө анча таанылбаган Дэниэл Рэдклифф, биринчи жолу киного тартыла турган Руперт Гринт жана Эмма Уотсон Гарри, Рон жана Гермиона ролдоруна тандалганы белгилүү болду.

  • Дэниел Рэдклифф 11-жаштагы Гарри Поттер аттуу тай эже жана таа жездесинин колунда азап тартып өскөн, Лорд Волдеморт деген психопат кара жадыгөй Гарринин бөбөк кезинде ата-энесин өлтүрүп, бирок ымыркайга күчү жетпей, Гарри аман калуусу менен атагы чыккан сыйкырчы болгонун Хогвартс Көз байлоочулук жана Сыйкырчылык мектебине кабыл алынганда гана билген жетим баланын ролун чагылдырат. Коламбус ачык кастинг жарыялана электе эле Рэдклиффти Би-Би-Си тарткан Дэвид Копперфилд тасмасынан көрүп, Гарри Поттер ролуна тандап алууну каалаган, бирок кастинг-директор Фиггис Дэниэлдин ата-энеси баласына киного тартылууга уруксат бербейт деп болжолдогон. Фиггис Коламбусту көктүгүнөн айныта албай, долбоорго кош айткан. 2000-жылы Хейман жана Клоувз Лондондун театрларынын биринде коюлуп жаткан "Чөнтөгүндөгү таштар" трагикомедиясын көрүүгө барганда Рэдклифф жана анын ата-энесине жолугуп калып, Дэниэлди кастингге чакырышкан. Хейман жана Коламбус Дэниэлдин ата-энесине баланы ММКлардын назарынан коргой ала турганын жактап, соңунда Рэдклиффтер баласына Гарринин ролун ойноого уруксат беришти. Роулиң Дэниэл Рэдклифф тандалганын жактырып, "[анын] экран сыноолорун көргөндөн кийин Крис Коламбус мындан да өтөөр Гаррини таба албайт эле деген ойдомун" деген. Айрым маалыматтар боюнча, Рэдклифф бул фильм үчүн бир миллион фунт стерлинг алган, бирок ал өзү айткандай, "акчасы анчалык эле маанилүү эмес" болгон. Гарри Поттер ролун самагандардын арасында кийин Нарния хроникаларында баш каарман Питер Певенсинин ролун аткарган Уильям Моусли да бар болчу.
  • Руперт Гринт Гарринин эң мыкты досу болгон Рон Уизлинин образын жаратты. Руперт өзүн бул ролго туура келгенин ойлогон, анткени "[анын] чачы сары" жана өзү да китептердин күйөрманы болчу. Ал балдар үчүн Ньюсраунд берүүсүндө "Гарри Поттер" фильмине ачык тандоо жарыяланганы тууралуу жаңылыктарды көрүп, атайын Рон Уизли ролун канчалык эңсегени жөнүндө рэп ырдаганын видеого тартып, кастингге жөнөтөт. Гринттин аракети берекет көрүп, кастинг тобу ага экран сыноолоруна чакырат.
  • Эмма Уотсон Гарринин дагы бир мыкты досу жана үчүлүктүн эң акылдуусу Гермиона Грейнджердин ролун аткарган. Оксфорд шаарында жашаган Уотсондун актерлук чеберчилик кружогундагы мугалими Эмманы кастинг агенттерге сунуштап, Уотсон алар менен беш маектешүүдөн өткөндөн соң гана Гермиона ролуна тандалат. Эмма сыноого кунт коюп даярданса да, "бул ролго тандалып өтүүсү ойго да эч келген эмес". Продюсерлер жаш кыздын өзүн-өзүнө болгон ишенимин абдан жактырган да, ошентип Эмма Уотсон миңдеген кыздарды артта калтырып, Гермиона ролун багындыра алды.
  • Жон Клиз Гриффиндор факультетинин Дээрлик Башы Жок Ник аттуу арбактын ролун жаратты.
  • Робби Колтрейн Хогвартс мектебинин дөө-чалыш аңсакчысы Рубеус Хагриддин ролун аткарды. Китеп автору Жоан Роулиң өзү Колтрейнди Хагриддин ролуна тандаган. "Гарри Поттер" китептеринин мурунтан эле күйөрманы болгон Колтрейн ролун аткарууга даярданып жатканда, Хагрид персонаж катары өткөндөгү турмушун жана келечегин Роулиң менен талкуулап турган. Кастиң-директор Сүзи Фиггистин айтымында, атактуу актер Робин Уильямс Хагрид ролун аткарууга кызыкдар болгон, бирок Роулиң койгон бардык актерлор британ же ирландиялык түп-тегинен болуу талабындан улам тасма режиссеру Крис Коламбус Робин Уильямстын талапкерлигинен баш тартууга аргасыз болгон.
  • Уорвик Дэвис Рэйвенклоу факультетинин жетекчиси жана Дубалар боюнча профессору Филиус Флитвиктин ролуна тандалган.
  • Ричард Гриффитс Гарринин Маггл (сыйкырчы эмес) жездеси Вернон Дурслинин ролун ойногон.
  • Ричард Харрис Хогвартс мектебинин мүдүрү жана тарыхтагы эң күчтүү сыйкырчылардын бири болуп келген Албус Дамблдордун ролун жаратты. Харрис оболу фильмге тартылуу сунушунан баш тартып, кийин кайрадан макул болгон - айтымында, небереси ага эгер Дамблдор ролун чанып койсо, чоң атасы менен башка эч качан сүйлөшпөй койоору менен коркуткан.
  • Иэн Харт караңгы сыйкырдан коргонуу боюнча коркок жана кекеч мугалими Квиринус Квиррелл жана ага кошумча Лорд Волдеморттун үнү болуп тандалды. Актер Дэвид Тьюлис да бул ролго сыналган; кийинчерээк ал Гарри Поттер жана Азкабан Туткуну тасмасында Римус Лүпиндин ролун жаратты.
  • Жон Хёрт Олливандер сыйкыр таякчалар дүкөнүнүн ээси жана устасы Олливандер мырзанын персонажын чагылдырды.
  • Алан Рикман Слизерин факультетинин жетекчиси жана эритмелер боюнча мугалими Северус Снейп ролуна тандалган. Бул рол алгач Тим Ротко сунушталган болчу, бирок ал "Маймылдар планетасы" тасмасына тартылуу үчүн Снейп ролунан баш тарткан.
  • Фиона Шоу Гарринин сыйкырчы эмес таежеси Петуния Дурслинин ролун ойногон.
  • Мэгги Смит Гриффиндор факультетинин жетекчиси, мектеп мүдүрүнүн орун басары жана Кубулуулар боюнча мугалими Минерва Макгонагаллдын ролун аткарды. Жоан Роулиң өзү долбоорго Смитти чакырууну сунуштаган.
  • Жули Уолтерс Рондун мээримдүү энеси Молли Уизлинин образын чагылдырды. Ал Гарриге 9¾ платформасына кантип кирүүнү үйрөткөн. Уолтерс бул ролго тандала электе америкалык актриса Рози О'Доннелл режиссер Крис Коламбус менен Молли Уизли ролун аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Рик Майял чыгармада окуучулардын кыжырын келтирүүнү сүйгөн полтергейст Пивздин ролуна тандалган эле. Майял сценарийдеги сөздөрүн камерага тартылбай, үнүн гана жаздырган, , бирок ал катышкан учурлар тасмага кирбей калган.

Фильм жаратылышы

Башталгыч кези

1997-жылы продюсер Дэвид Хейман көрөрмандардын купулуна толчудай тасмага негиз болуп берген балдар китебин издей баштаган. Алгач Хейман көңүлүн Диана Уинн Джонстун "Биринчи кабаттагы киши жегич" аттуу чыгармасына бурган, бирок ал пландар ишке ашпай калган. Муну көргөн "Хейдэй Филмс" студиясынын кызматкерлери "Гарри Поттер жана Философ Ташын" сунуштап, Дэвиддин жардамчысы да бул сунушту абдан жактырган. Хейман бул долбоор менен "Уорнер Бразерс" студиясына кайрылган соң, 1999-жылы китеп автору Жоан Роулиң Гарри Поттер жөнүндөгү биринчи төрт китебин экранизациялоо укуктарын "Уорнер Бразерске" бир миллион фунт-стерлингге (1,982,900 АКШ доллары) саткан. Роулиң койгон талап боюнча башкы ролдорго жалаң гана Британия актерлору тандалган, бирок кээде автордун өз уруксаты менен чет өлкөлүк актерлор да чакырылган - мисалы, Хогвартс директору Альбус Дамблдордун ролун ирландиялык Ричард Харрис чагылдырган, ал эми "Гарри Поттер жана Жалын чөйчөгү" китебинде француз жана Чыгыш Европалык персонаждар бар болгонунан улам аталган аймактардан актерлор да катышкан. Жоан Роулиң китептерге коммерциялык укуктарын сатууга алгач көңүлсүз көз карашта болчу - жазуучунун айтымында, китептеги "окуялардын кийинки жетилиши боюнча аларга [студияга] көзөмөл берүүнү" каалабаган, анткени Уорнер Бразерс китеп персонаждарына укуктарды сатып алса, алардын негизинде башка жазуучуга жаңы китептерди жаздырууга укугу бар эле.

Алгач Стивен Спилберг менен тасманы тартуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон, бирок ал өзү бул долбоордон баш тарткан. Айрым маалыматтар боюнча, Спилберг экранизация анимациялык фильм болуусун жана тасма сюжети биринчи китеп менен гана чектелбестен, кийинки китептердеги айрым элементтерин кошууну каалаган. Америкалык актер Хейли Жоел Осмент Гарри Поттерге өз үнүн бермекчү. Спилберг өз сунушун түшүндүрүп жатып, башталгыч долбоор оңой болгонун айткан - атактуу режиссердун сөзү менен берсек, "аңга чыкпай, үйдөгү өрдөктөрдү аткандай болосуң. Жөн эле барып, бош дарбазага гол сайгандай. Сиздерден бир миллиард доллар алып, каалаганымдай коротсом болот экен. Кызыктыруучу эч нерсеси жок болуп атат". Роулиң режиссерлорду тандоодо эч кандай ролу жок экенин мындай ырастайт: "Эгер кимдир бирөө мени аны [Спилбергди] кетирди же кетире ала турган укук же мүмкүнчүлүгү бар болчу деп ойлосо, ал кишинин Катыра Кат жазган Калеми бар окшойт". Хеймандын сөзү боюнча, Спилберг долбоордон баш тартып, "Жасалма Интеллект" тасмасын тартууга өткөн.

Спилберг кеткенден соң башка режиссерлор менен сүйлөшүүлөр болгон, алардын арасында: Крис Коламбус, Терри Гиллиам, Жонатан Демме, Майк Ньюэлл, Алан Паркер, Волфгаң Петерсен, Роб Райнер, Айвен Райтман, Тим Роббинс, Брэд Силберлиң, М. Найт Шьямалан жана Питер Уир. Петерсен жана Райнер экөө тең 2000-жылдын март айында жарыштан чыгып, тандоо Силберлиң, Коламбус, Паркер жана Гиллиамдын ортосунда болду. Роулиң өзү негизи Терри Гиллиамдын талапкерлигин колдосо, Уорнес Бразерс Коламбусту тандап алган - студиянын чечим алуусуна Коламбустун чоң ийгиликке кабылган "Үйдө жалгыз" жана "Миссис Даутфайр" үй-бүлөлүк тасмаларын жаратуусу чоң салымын кошкон. Коламбус фильм боюнча пландарын жана ойлорун тааныштырып-түшүндүрүүсү эки саатка созулган. Анын идеясы боюнча, Маггл дүйнөсү "караңгы жана үрөйү суук" болуп, ал эми сыйкыр дүйнөдөгү окуялар тескерисинче "жарык, ачык тустүү жана шаттуу" болуусу зарыл эле. Ал Дэвид Лин тарткан "Чоң үмүттөр" (1946) жана "Оливер Твист" (1948) тасмаларынан таасирленип, "ошондой караңгы, ошондой алдыңкы көз караш, ошондой сапаттагы операторлук чеберчиликти" колдонуусун каалап, түс дизайнда мисал катары "Оливер!" (1968) жана "Өкүл ата" (1972) фильмдерин келтирген.

"Гарри Поттер" өмүрүндө бир гана жолу кездешүүчү, бир кандай мезгил менен чектелбеген адабий жетишкендиктерден болот. Китептер дүйнө жүзү боюнча абдан чөң кызыктыруу жараткандан улам, биз үчүн балдар жана сыйкыр дүйнөсүн жакшы түшүнгөн режиссерду табуу абдан маанилүү болчу. Кристен башка бул долбоорго дал келе турган эч ким жок деп ойлойм",
- Лоренцо ди Бонавентура.

Сценарий жазууга Стив Клоузв тандалды. Анын айтымында, китепти сценарийге ыңгайлаштыруу "татаал" болгон, анткени биринчи китеп кийинки эки китепке салыштырганда бир нече кыйынчылыктарды жараткан. Клоувз "Уорнер Бразерс" ыңгайлаштырууга жөнөткөн китептердин кыскача мазмунун "дээрлик эч качан окубаганын" моюнуна алып, а бирок "Гарри Поттерге" башкача мамиле жасаганын айткан. Ал атайын "Философ ташы" китебин сатып алып, аны окуган соң бир заматта эле күйөрманы болуп калган. Клоувз "Уорнер Бразерс" менен сүйлөшүүлөрдө фильм британиялык болуусун жана китептеги каармандарын чынындай көрсөтүүсүнө басым кылыш керек деген. Роулиң менен алгачкы жолгуушусунда Клоувз китеп автору аны "баласындай көргөн китебин таптакыр бузуп салат" деген ойдо болбосун деп аябай сүрдөнгөн. Роулиң болсо алгач "ушу Стив Клоувзду жек көрүүгө даяр" болушун мойнуна алган жана биринчи жолугуусун мындай эскерет: "Мен аны биринчи жолу көргөндө, ал: "Менин сүйүктүү каарманым ким экенин айтайынбы?" - деп баштады."Бул киши азыр Рон дейт. Ушул азыр Рон дейт го", - деп ойлогом. А бирок ал: "Мага Гермиона жагат", - деди.Турган жеримен эле эзилип-эрип калдым да, бул адамга жылуу сезим пайда болду" . Роулиң чыгармачыл көзөмөл аткарууну талап кылып, буга Коламбус каршы эмес болчу.

Алгач Warner Bros. тасманы 2001-жылдын 4-июлунда чыгарабыз деп пландаган болчу, мындан улам кээ бир режиссерлор тартуулар жана фильм үстүндө иштөөгө убакыт аз берилди деп долбоордон баш тартууга аргасыз болгон. Кийин ушул эле убакыттын тардыгынан улам, тасма премьерасы 2001-жылдын 16-ноябрына жылдырылды.

Тартуулар

Тасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы 
Хогвартстын башкы имараты Алник Сарайында тартылган

Британия киночөйрөсүнүн эки өкүлү Гарри Поттер тасмалары Британияда тартылсын деген сураныч менен кайрылып, киного тартыла турган жерлерди издеп табуу, Ливзден киностудиясын колдонуу жана балдар эмгеги тууралуу британиялык мыйзамдарына ылайыкташтыруу үчүн тартуулар процессине (иш убактын азайтууда жана актер балдар үчүн мектеп уюштурууда) жардам берүүнү сунуштаган. Warner Bros. бул сунушту дароо эле кабыл алган. Тартуулар 2000-жылы сентябрда Ливзден киностудиясында башталып, 23-март 2001-жылы аяктаган, ал эмесе кошумча жумуштар ошол эле жылдын июль айында бүттү. Негизги кадрлар 2000-жылдын 2-октябрында Түндүк Йоркширдеги Гоэтлэнд темир жол бекетинде тартылды. Кентербери собору жана Шотландиядагы Инверайлорт сепили Хогвартс мектеби үчүн локациялар катары каралган; а бирок Кентербери тасманын "бутпарастык" темасын жактырбай, "Уорнер Бразерстин" сунушун четке какты. Акыры Алник Сарайы жана Глостер собору Хогвартс локациялары болуп тандалды, ошондой эле кээ бир көрүнүштөр Хэрроу мектебинде тартылган. Кээ бир Хогвартс көрүнүштөрү эки жума ичинде Дарем соборунда тартып алынды; алар мектеп коридорлору жана айрым класстар болду. Хогвартс ооруканасы Оксфорд университетинин Дивинити Скул имаратында, ал эми Хогвартс китепканасы Бодли китепканасынын герцог Хамфри атындагы окуу залында тартылган. Прайвет көчөсү болсо Беркширдеги Брэкнел шаарынын Пикет Пост районунда тасмага алынган. Тартуулар пландагыдай боюнча бир күндө эмес, эки күнгө узарып калгандан улам аталган райондун жашоочуларына берилген кенемте эки эсеге көбөйтүлгөн. Мындан кийинки фильмдерде Прайвет көчөсүндөгү окуялар Ливзден киностудиясында атайын курулган аянтчада тартылган, анткени ал натурада тартылган съемкалардан бир топ арзан келген. Лондондо жайгашкан Австралия үйү сыйкырчылардын Гринготтс банкы болуп тандалды, ал эми Хогвартс сыйлыктар бөлмөсү Оксфорд университетинин Крайст-Чөрч коллежинде тартылды. Лондон зоопаркы Гарри кокусунан Дадлини жылан менен коркуткан көрүнүшүндө, ошондой эле Кингс Кросс темир жол бекети китепте баяндалгандай тартылган.

Тасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы 
"Тешик казан" бары тартылган Лондондогу магазин

Тасманын Америкадагы аталышы башкача болгондуктан, "философ ташы" деген сөздөр колдонулган бардык эпизоддорду кайрадан тартууга ырас келген, актерлордун "философ" дегендин ордуна "сыйкырчынын" деп айтып жаткандары кошумча тартылган. Актер балдар бир күндө төрт саат тартууларда иштеп, үч саат мектепте болчу. Алар макияж кызматкерлери жасаган жасалма тырык жана жараларды абдан жактырып калышкан. Рэдлифф өз көз түсү Гарриден айырмаланып, көк болгондуктан, негизи жашыл түстөгү көз линзаларды тагыныш керек эле, бирок ал линзалар баланын көздөрүн аябай дүүлүктүрчү. Роулиң менен кеңешкенден соң, ал Гарринин көзү көк болуусуна макулдугун берген.

Дизайн жана атайын эффекттер

Жудианна Маковски тасмадагы костюмдарды жараткан. Алгач ал китептин АКШ басылмасындагы тартылган сүрөттөргө окшоштуруп Квиддич формасын жасоону пландаган, бирок кийин ал дизайн шалаакы көрүнгөнүн байкап, бул идеядан баш тарткан. Анын ордуна Квиддич оюнчуларына "мектеп окуучулары стилдеги свитер, XIX-кылымдын фехтование шымдарын жана колдору үчүн коргоо элементтерин" кийгизген. Декорациялар боюнча дизайнер Стюарт Крэйг фильмде тартылган аянтчаларды (мисалы, Хогвартстын Чоң залы) Ливзден студиясында куруп жатканда, англис соборлорунун дизайн жана архитектурасынан таасирленген. Продюсерлер алгач Крэйгден Ийри көчөнү чындап эле бар эски көчөдө тартууну суранышкан, бирок Крэйг тасма үчүн Түдор, Георг королдору жана Королева Анна доорунун архитектуралык мисалдарынан турган атайын комплекс куруу чечимин кабыл алган.

Коламбус башында бардык сыйкырдуу айбандарды жана Хагриддин Мамык аттуу итин аниматроника жана компүтердик анимация аркылуу жаратууну пландаган. Бир нече фильмдерде (мисалы, "Жылдыздар Согушу: Жашырын коркунуч", "Бешинчи Элемент") иштеген Ник Дадманга тасмага керек болгон макет жана протездерди жасоо тапшырылса, "Жим Хенсондун макулуктар устаканасына" аталган макеттерди компүтерде жандандыруу иши берилген. Жон Коппингердин айтымында, сыйкырдуу айбандардын дизайны көп түзөлүүлөрдү көргөн. Тасмада бир нече компаниялар аткарган 600дөн ашык атайын эффекттер тартылган. "Industrial Light & Magic" (ILM) студиясы Квиррелдин желкесиндеги Лорд Волдеморттун жүзүн жараткан, "Rhythm & Hues" студиясы Норбертти (Хагрид багып алган ажыдаар баласы) жандандырган, ал эмесе "Sony Pictures Imageworks" Квиддич сценаларын тарткан.

Музыка

Тасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы 
Жон Уильямс

Фильм саундтрегин жазууга Жон Уильямс чакырылган. Уильямс музыка үстүндө Лос Анжелес жана Тэңлвуддагы үйлөрүндө иштеп, 2001-жылдын август айында чыгармаларын Лондондо жаздырган. Негизги музыкалык чыгармалардын бири "Хедвигдин темасы" деп аталат; Уильямс аны "баары жактыргандан улам" тасманын башкы музыкасы катары тандап алган.

Китеп жана тасма айырмачылыктары

Коламбус Роулиң менен бат-баттан кеңешип, кинодогу майда-чүйдө бөлүктөрүн текшертип жана макулдаштырып турду. Клоувз фильм китеп сөзүнө "абдан туура" болгонун айткан. Ал тасмага кошкон диалогдорду Роулиң өзү бекиткен. Жоан Роулиң ошол заматта жазып жаткан "Гарри Поттер жана Феникс Ордени" китебине дал келишпеген саптар сценарийде бар экен деп, Клоувз ал саптарды жок кылууга мажбур болгон.

Кээ бир персонаждар тасмага кирбей калган, алардын арасында Сыйкырчылык тарыхы боюнча мугалими арбак профессор Биннс жана полтергейст Пивз. Китептин биринчи бөлүгүндө баяндоо Вернон жана Петуния Дурслинин атынан болуп, анда чагылдырган окуялар Гарринин келүүсүнөн бир күн мурун башталып, жөнөкөй адамдар сыйкырчылыкка кандай мамиле кылганын баяндайт. Кинодо булар көрсөтүлбөйт, фильм профессор Дамблдор, профессор МакГонагалл жана Хагрид Гаррини Дурслилердин босогосуна таштап кетиши менен башталат (бирок Макгонагалл Дурсли үй-бүлөсүн күнү бою аңдып отурганын Дамблдорго айтат). Гарри миссис Фиггтин кароосунда калган жагымсыз учурлары да киного кирген эмес, ал эмесе зоопарктагы окуянын каарманы болгон жылан китепте бразилиялык удав фильмде бирмалык питонго алмаштырылган. Айрым чыр-чатактар - мисалы, Гарри жана Драконун мадам Малкин кийим дүкөнүндөгү жолугуушуусу жана түн ортодогу дуэль - тартылган эмес. Николас Фламелдин ролу да чоң өзгөрүүлөрдөн өткөн. Кинодо Дамблдор Норбертти алып кеткени айтылат; ал эмесе китепте аны Гарри менен Гермиона Чарли Уизлинин досторуна өткөрүп беришкен. Жоан Роулиңдин айтымында, "ал [оңой эле] өзгөртүлүшчүдөй китеп бөлүгү катары сезилген". Ошондой эле, Тыюу салынган Токойдогу жазанын себеби өзгөргөн: китепте түнкү уйку убагында Астрономия мунарасында жүргөн Гарри менен Гермиона Филчке учурап, ошол эле убакытта Невилл жана Малфой коридордо профессор МакГонагаллга кармалып, жазаланган. Тасмада жазанын себеби Гарри, Гермиона, Рон түн бир убак Хагриддин үйүнө барганын Малфой аңдып көргөнү болгон (Малфой өзу да түнкүсүн уктабастан тентип жүргөнүнө жазаланган). Кентавр Флоренц китепте жалы агыш ала түстө деп сүрөттөлгөнү менен кинодо каралжын түстүү болгон. Квиддич талаасы адаттагыдай стадион эмес, көрүүчүлөр отурган мунара жана трибуналар менен курчалган ачык талаа болуп тартылган

Фильм таратуусу

Маркетинг

Биринчи тизер-плакат 2000-жылдын декабрында чыккан. Биринчи тизер-трейлер 2001-жылы 2-мартта спутник телеканалдарында алгач көрсөтүлуп, кинотеатрларда Спот аттуу агент тасмасы менен бирге чыккан. Фильм саундтреги 2001-жылы 30 октябрда CD түрдө жарык көргөн. 2001-жылы 15-ноябрда Electronic Arts тасма боюнча иштелген видео оюнду айрым консолдор үчүн чыгарган. 2003-жылы GameCube, PlayStation 2, жана Xbox үчүн жасалган дагы бир оюн жарык көргөн. "Mattel" тасма каармандары боюнча оюнчук өндүрүү укугун утуп, алар бир гана Уорнер Бразерс дүкөндөрүндө сатылуусу макулдашылган. "Hasbro" ишканасы да бул франшиза аркылуу момпосуй сыяктуу кээ бир кондитердик азыктарды чыгарган. Фильмдин жарнак кампаниясынын алкагында Warner Bros. Coca-Cola менен $150 млн турган келишим түзгөн, Lego кинодогу имараттар жана окуяларды чагылдырган лего топтомдорун, ошондой эле Lego Creator видео оюнун чыгарган.

Медиа форматтары

Warner Bros. тасманы Улуу Британияда E3 UK компания аркылуу 2002-жылы 11-февралда VHS видеокассеталарында жана ошол эле жылы 11-майда DVD дисктерде, ал эми АКШда 28-май 2002-жылы чыгарган. Фильмдин атайын нускасы кайрадан VHS жана DVD форматтарында 2004-жылы 7-майда жарык көргөн. Кийинчерээк Blu-ray жана DVD түрүндөгү толук чыгарылыш АКШ да гана сатылган. Ал чыгарылыш тасмага кирбей калган сценалар кошулган фильмдин узун версиясы, съемка аянтчасынан кошумча видеолор диски, Рэдклифф, Гринт жана Уотсондун сыноого тартылган видеолор, "Гарри Поттер дүйнөсүн жаратуу, 1-бөлүк: Сыйкырчылык башталды" аттуу кинону тартууга кандай даярдыктар болгонун чагылдырган атайын кичи-фильм жана 48-бет сүрөттөр китепчесинен турат.

Кабыл алуу

Кассалык топтомдор

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2001-жылы 4-ноябрда Лондондогу Лестер аянтында өтүп, фильм көрсөтүлгөн кинотеатрды Хогвартска окшоштуруп кооздошкон. Кинонун кассалык топтомдору абдан жакшы болду. Кошмо Штаттарда ачылыш күнү $ 32,3 млн топтоп, биринчи күндүн кирешеси боюнча биринчи орунда турган "Жылдыздар Согушу: Жашыруун Коркунуч" фильминен ашып, жаңы рекорд койгон. Көрсөтүүлөрдүн экинчи күнү тасманын топтомдору $ 33,5 млнге жетип, мурдагы рекордду жаңылатты. Жалпы эсеп менен алганда, биринчи дем алыш күндөр кирешеси рекорддук $ 90,3 млн түзгөн - бул рекорд мындан мурун "Жоголгон дүйнө: Юр доору" тасмасына таандык болчу. "Философ ташы" бул рекордду кийинки жылдын май айына чейин кармап турду - "Жөргөмүш адам" тасмасынын премьералык дем алыш күндөр топтому $ 114,8 млн түзгөн. Тасма үч жума бою дем алыш күндөр кирешеси боюнча биринчи орунду ээлеп турду. Бул кино беш күндүк (шаршемби-жекшемби) Ыраазычылык күнүнө карата дем алыштагы топтомдору $ 82,4 млнге жетип, бул рекордду он эки жыл бою кармап келген - кийин бул көрсөткүчтөн "Ачкачылык оюндары: Өрттү кармоо" жана "Аяз кучагы" тасмалары ашкан, алар $ 110,1 млн жана $ 94 млндук киреше көргөн. Дүйнөнүн башка бурчтарында да окшош көрүнүштөр болду. Улуу Британияда "Гарри Поттер жана Философ ташы" болуп көрбөгөндөй ийгиликке ээ болуп, премьера күндөрүндөгү киреше боюнча рекорддорду багындырган - алдын-ала көрсөтүүлөр менен £ 16,3 млн, аларды санга албасак £ 9,8 млн топтогон. Фильм бир эле Британияда £ 66,1 млндук киреше алып, бул көрсөткүч боюнча "Титаник" тен кийинки экинчи орунда турган, кийинирээк ушул жетишкендикти "Мамма Мия!" киносуна алдырып жиберген.

Жалпысынан кинонун дүйнөлүк кирешеси $ 974,8 млн түздү, алардын $ 317,6 млн АКШдан жана $ 657.2 млн башка өлкөлөрдөн түшүп, бул жетишкендиги боюнча ошол маалда тарыхтагы эң кирешелүү тасмалардын тизмесинде экинчи орунда жана 2002-жылдын эң чоң топтом көргөн кино катары катталган. As of 20152018-жылдын башына "Философ ташы" кармаган рекорддор төмөнкүдөй: 2001-жылдын эң кирешелүү тасмасы (инфляцияны эске албаганда), 2000-жылдардын эң кирешелүү тасмалардын бешинчиси, XXI кылымдын эң кирешелүү тасмалардын 31-си, III миң жылдыктын эң кирешелүү тасмалардын 31-си, кинонун тарыхындагы эң кирешелүү тасмалардан 34-орунда жана Гарри Поттер тууралуу тасмалардын кирешеси боюнча 2-орунда турат - биринчилик "Гарри Поттер жана Өлүм жемиштери, 2-бөлүк " фильмине таандык, ал дүйнө бою 1 миллиард доллардан ашык топтогон. Box Office Mojo сайтынын болжомолу менен, АКШ кинотеатрлары "Философ ташы" тасмасына 55,9 миллион белет саткан.

Сынчылар пикири

"Гарри Поттер жана Философ Ташы" сынчылар тарабынан оң кабыл алынган. Rotten Tomatoes сын баалар сайтында бул тасма 194 сынчыдан 80% колдоого ээ, орточо баасы 7,1 упай (10 упайлык шкала менен). Rotten Tomatoes'теги жалпы пикир боюнча, "Гарри Поттер жана Философ Ташы" тасмасы китептен тайбай, анда баяндалган окуяларды керектүү жерлеринде кыскартып, абдан кызыктуу чоң экранга ылайык сыйкырларга толо тасма". Metacritic сын баалар сайтында бул фильм 36 сынчыдан алынган баалары боюнча 100 упайдан 64 упайга ээ болгон. CinemaScore сайтында көрүүчүлөр тасмага А баасын берген (А+ эң жогорку баа, F эң төмөн баа).

Роджер Эберт "Философ Ташын" "классика" деп атап, төрт жылдыздан төрт баасын берип, квиддич сценаларындагы атайын эффекттерди өзгөчө мактаган. "The Telegraph" жана "Empire" да мактоолорго кошулган - "Empire" сынчысы Алан Моррисон тасманын түзүмүн өзгөчө жактырган. IGN.com сайтынын редактору Брайан Линдер да жалпысынан тасмага жакшы баа берсе да, "...эң мыкты дей албайм, бирок кино мага жакты - мен сүйгөн китептерге жакшы кошумча болуптур" деген. "Palo Alto Online" сынчысы Жанна Ауфмут фильм "эң чоң скептик көрүүчүлөрдү да өзүнө тартып талат" дегени менен, тасманын аяктоочу жарым саатын каттуу сынга алган. USA Today сынчысы Клаудия Пуйг кинодогу дизайн жана Хагриддин ролун ойногон Робби Колтрейндин аткаруусун мактаса да, Жон Уильямстын музыкасын жактырбай жана "китеп окурмандары тасмада көрсөтүлгөн сыйкырлар мындан да көп болушун тилеп калат экен" деп, "Философ ташына" төрт жылдыз ичинен үч жылдык ыйгарган. Декорациялар, дизайн, монтаж, атайын эффекттер жана башкы ролдорду аткарган актерлорду жактырып мактаган "Hollywood Reporter" сынчысы Кирк Ханикатт да Жон Уильямстын музыкасын "таптакыр өчпөй калган музыкалык кутучанын зыңылдап-такылдатып жадаткан обонундай" деп каттуу сынга алган. Тодд МакКарти Variety журналында тасманы атактуу "Шамал алып кеткендер" киносуна салыштырып, оң баа берген: "Сценарий китептен тайбай жазылган, актерлор жакшы тандалган, декорациялар, кийимдер, грим жана атайын эффекттер - бардыгы бири-бирине дал келип, натыйжасы абдан жакшы чыккан". "New York Post" сынчысы Жонатан Форман фильм китеп сөзүнө "абдан туура" жана "тасма узун болгонуна карабастан, көрүүчүнү кызыктырып, көңүлүн кармаган" кино экендигин белгилеп кеткен.

"TIME" журналында Ричард Корлисс тасма "шаблондор менен толтурулуп", баяндоо ритми жай жана башкы ролдорго "харизмасы такыр жок" актерлор тандалышын сындап жазган. CNN сынчысы Пол Татара Коламбус жана Клоувз "китептеги окуяларды кыскартып, кимдир бирөөнүн көңүлүнө жакпай калабыз деп ушунчалык этияттык менен тартканынан улам фильм сюжети Роулиң китепти жазып жаткан учурдагы жазуучунун башындагы быт-чытка окшошуп калган" деп айтты. Натаниэл Рожерс тасмага төмөн баа берип, "The Film Experience" онлайн-блогунда мындай деп жазган: "Гарри Поттер жана Философ Ташы" эң жөнөкөй кино". "Slant" журналынын сынчысы Эд Гонсалес тасманы Тим Бертон эле тартыш керек болчу деген арманда калып, оператордук иш "жөнөкөй жана күңурт", ал эмесе кино жалпысынан "ар кандай сандыракты бир жерге топтоп тартылгандай" деген абдан терс жазган. Сынчы Элвис Митчелл The New York Times гезитинде фильм жөнүндө терс пикир калтырган: "[тасма] эскире баштаган оюн-зоок паркына окшош - жалтырак жаңы көрүнгөнү менен, аттракциондоруна отурсаң, ар бир бурулган сайын темирлери кыйчылдап онтоп турат". Ал ошондой эле кино "кыялы жок" тартылып, баш каармандар ролдорун жыгач куурчактардан да начар аткарган деп кошумчалаган: "Бөлүштүрүүчү Калпак кинонун эң мыкты каарманы экен".

Жетишкендиктер

Тасма үч Оскар сыйлыгына ат салышкан: мыкты постановка, мыкты костюм дизайны жана мыкты оригиналдуу музыка (Жон Уильямстын жазган саундтрек). Буга кошумча, фильм жети BAFTA (Британ киноакадемиясынын) сыйлыгына көрсөтүлгөн. Алар: мыкты британ тасмасы, Робби Колтрейндин Хагридди аткаруусу экинчи пландагы ролдогу мыкты актерго номинация, ошондой эле мыкты костюм, мыкты декорациялар, мыкты грим, мыкты үн жана мыкты атайын эффекттер номинациялары. "Философ ташы" костюмдары үчүн Сатурн сыйлыгын алып, дагы башка сегиз категорияда номинация алган. Фильм "Американын Кастинг коому" жана "Костюм дизайнерлери гильдиясындан" сыйлыктарга ээ. Америка фильм институтунан (AFI) атайын эффекттер үчүн, Фильм постановщиктер гильдиясынан декорациялар үчүн да сыйлыктарды алган. "Мыкты үй-бүлөлүк экшн-тасма" категориясында Broadcast Film Critics сыйлыгын, мыкты бала актер номинациясын (Дэниэл Рэклифф Гарри Поттер ролу үчүн) жана мыкты композитор номинациясын (Жон Уильямс) да алган. 2005-жылы Америка Фильм Институту кинону кинотарыхтын 100 жылдыгына карата атайын AFI тизмесине кошкон.

Шилтемелер

Tags:

Тасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы СюжетТасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы Ролдорду аткаргандарТасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы Фильм жаратылышыТасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы Китеп жана тасма айырмачылыктарыТасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы Фильм таратуусуТасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы Кабыл алууТасма Гарри Поттер Жана Философ Ташы ШилтемелерТасма Гарри Поттер Жана Философ ТашыДэниэл РэдклиффЖоан РоулиңРуперт ГринтЭмма Уотсон

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Аң-сезимӨспүрүм балдарАкынПиелонефритМенеджментНоокат районуАк батаТабигый кырсыктарЖусуп МамайКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыАйДиалектЭтиштин чактарыКаада-салтЗомбулукРоботҮй-бүлөНумизматикаАнтропогендик факторлорЖөндөмө категориясыМыйзам (укук)Башкы баракКыргызстан тоолоруЭмчектеги балаБаңгиликСаякКоммуникацияКурутСтамов АсанбекФразеологизмдерДен соолукБек БорбиевКан тамырларInternational Standard Book NumberАлдаш МолдоКалыгул Бай уулуБарсбек каганКыргызстандын КонституциясыКартөшкөКыргыз Республикасынын Кызыл китебиКулакСарыбагышЖусуп АбдрахмановВладимир ЛенинБизнесСүйүүМолекулаБиоценозСузак районуДене тарбия1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириАфрикаМинералдык заттарГүлжигит СатыбековАйлардын кыргызча аталышыКулак чуулдооОрусияБөйрөк оорусуКөгүчкөнТолубай сынчыДем алуу системасыКараханийлер мамлекетиМарсСынган кылычЧагылганИнсанЖыл сүрүүБайыркы РимБиринчи дүйнөлүк согушСулайман-ТооАбдыкерим Сыдыков🡆 More