Уикипедиядагы макалаларда алардын колдонулган булактарын билдирген шилтемелери болуусу абзел.
Кайсы гана материал болбосун, шек туудура турган жана маалыматтын булактары канааттандыраарлык ишенимдүү шилтемелер менен такталбаган болсо, өчүрүлүшү мүмкүн. Айрыкча, бул талапты түз цитаталар, талаштуу же субъективдүү бекитүүлөр («эң мыкты», «биринчи», «өз түрүндү жалгыз» сыяктуулар) үчүн аткаруу маанилүү.
Эгерде сиз, шилтемелерди кантип туура жасалгалоону билбесеңиз, маалыматты жөн гана эптеп бир көрүнүштө калтырсаңыз, муну башка катышычулар жасап коюшу мүмкүн.
Сноскалардын жардамы менен колдонулган булактарга жана текстке кошумча түшүндүрмө берүүгө мүмкүн. Сноска атайын тегдердин жана
Цитаталар. Эгерде авторго же цитатанын булагына болгон көрсөтмө түздөн-түз аны ээрчисе, ал жумуру кашаалар менен жасалат. Басылма тууралуу толугураак берилмелер (маалыматтар) бар болсо, сноска берилмекчи:
Эгер авторго же цитатанын булагына көрсөтмөнү төмөнүрөөк жайгаштырышса, (мисалга, эпиграфтарга), анда кашаасыз жазылат:
Уикипедиядагы макалалар басууга да арналгандыктан, басма басылмаларды интернет-материалдарга болгон шилтемелерден ажыратууга туура келет. Ошондуктан адабият тизмесин Интернет ресурстарынын тизмесинен өзүнчө, «Адабият» бөлүгүндө келтирүү сунушталат (кар.: «Макаланын структурасы»). Мунун алдында, Интернетте жайгашкан басма басылмалар да, «Шилтемелер» бөлүгүнө эмес, ушул бөлүккө жазылат, .
«Адабият» кызматчы бөлүгүнө макаланы жазууда анын темасы боюнча колдонулган жана (же) теманын дагы да иликтенүүсү үчүн сунушталган маалыматтарды камтыган китептердин, макалалардын ж.б. жарыяламалардын тизмеси киргизилет.
«Сунуш кылынуучу адабият». 5—8 дей китеп сунуштоо сунушталат; эгер көбүрөөк болсо, анда комментарийлери кошулган тизме түзүү туура болот. Веб-даректер үчүн болсо да булар кокус китептер эмес, берилген тармакта барктуу жана издөөлөрдүн алдыдагы багыттарын көрсөтүүчү китептер болуусу милдет.
Алгач кыргызча басылмалардын, андан соң башка тилдегилердин тизмеси берилет.
Фамилия А. А. Баш аталышы // Басылманын автору. Басылма. — Жери: Басмакана, жылы. — 20—40-б. — ISBN. URL.
Фамилия А. А. Баш аталышы. — Жери: Басмакана, жылы. — 50-б. — ISBN. URL.
Фамилия А. А. Баш аталышы. — Жери: Басмакана, жылы. — 100 б. — ISBN. URL.
Фамилия А. А. Баш аталышы // Басылма. — Жылы. — Т. 1. — № 1. — 20—40-б. — ISSN. URL.
Баш аталышы / Басылма үчүн жооптуу (редактор). — Жери: Басмакана, жылы. — 100 б. — ISBN. URL.
Баш аталышы / Басылма үчүн жооптуу адам. — Жери: Басмакана, жыл—жыл. — 1—20 Т. — ISSN. URL.
Библиографиялык баян ГОСТ 7.1—2003. Библиографиялык жазып алуу. Библиографиялык баяндама. Жалпы талаптар жана түзүүлөрдүн эрежелери менен болгон аналогия боюнча жасалгаланышка туура келет.
Булакнаамалык шилтемелер болсо, автордун же басып чыгаруучунун жазылышын жантак менен жазуу тууралуу талабы кошулган ГОСТ Р 7.0.5—2008. Библиографиялык шилтеме. Жалпы талаптар жана түзүүлөрдүн эрежелерине дал келгендей жасалгалоого туура келет.
Ар бир басма чыгарманын баяндалышы төмөнкү формадагыдай жасалат:
Мисал: Ахметов Н. С. Актуальные вопросы курса неорганической химии. — Москва: Просвещение, 1991. С. 224. ISBN 5-09-002630-0
Баштапкы код: ''Ахметов Н. С.'' Актуальные вопросы курса неорганической химии. — М.: Просвещение, 1991. С. 224. ISBN 5-09-002630-0
Библиографиялык жазып алуулардын мисалдары Библиографиялык жазып алуулардын үлгүлөрүндө бар. Библиографиялык баяндама жана шилтемелерди жасалгалоо үчүн Калыптар/Библиография калыптарды да колдонсо болот.
Тексттеги басылмаларга кетирген шилтемелерди жасалгалоо, «Адабият» бөлүгүндө дагы көрсөтүлгөн болсо, «Адабият тизмесиндеги булактарга болгон сноскаларга» ылайык жасалат.
Уикипедия веб-энциклопедия болгондуктан, анда келтирилген маалымат булактарын мүмкүн болушунча интернет менен көрсөтүү туура болот. Бирок, мындан тышкары, кадимки китепканалардан издөө үчүн маалыматтарды дагы сунуштоо зарыл. Универсалдуу көрсөткүч катары ISBN (International Standard Book Number) ондук номуру кызмат кылат.
Кыргыз Википедиясында басылма чыгармаларды издөө — Китептердин булактары деген кызматчы баракча түрүндө. Макаланын текстинен ISBN ди момундай түрдө көрсөтүү жетиштүү;
ISBN 1234567890
же
ISBN 1-23456-789-0
,
анан ал ушул кызматчы баракчага алып келер гипершилтемеге ISBN 1234567890 айланат; болгондо да ISBN боюнча китептерди издөө үчүн сервистерди колдонууга мүмкүн болгондой абалда (аны менен катар эле кыргызчалар дагы).
Веб-адрес издөө үчүн кадимки эле поисковиктерди же интернет-каталогдорду (кар.: Уикипедия:Тышкы шилтемелер) колдонуңуз. Сайтка болгон тышкы шилтемени жасалгалоо үчүн {{cite web}} калыбын же браузерлер үчүн кеңейтмелерди пайдаланыңыз:
Эгерде макалада шилтеме менен бекитилбеген, кандайдыр бир шектүү ой келтирилсе, анда ошол ырасталган ойдон кийин {{булагы жок}}
же {{подст:АИ}}
белгисин кошуу менен {{булагы жок}} же {{сноскалары жок}} калыбын коюп койсо болот. Мунун көрүнүшү мындайча болот:
Уикипедиянын эрежелерине ылайык, эгер сиз кайсы-бир маалыматтын ишенимдүүлүгүнөн шек санасаңыз, бирок анын ката экендигине толук, булактарга таянган ишенимиңиз болбосо, андайда шектүү фрагментти дароо өчүрүүгө болбойт, себеби кээ бир катышуучулар сиздин аларга макаласын жакшыртуусуна шанс бербегениңиз үчүн күнөөлөшү мүмкүн (анан акырында бул агрессиялык иш-аракеттердин көңүлдө калуусун пайда кылат). Ошондуктан, айтылган шектүү сөздөрдөн кийин {{булагы жок}} калыбын коюу жакшыраак. Шектүү маалыматты (ишенимдүү булактарысыз) өчүрүү бир гана учурда, эгер сиз анын туура эмес экендигине ишенсеңиз, эгер {{булагы жок}} калыбына карата аз дегенде эки апта аралыгында реакция болбосо, же тирүү адамдар тууралуу макалалар болгондо гана мүмкүн. Ошондой эле, шектүү маалыматты өчүрүүгө, эгер талкууларда макаланын авторлору мындай чечимге макул келишсе мүмкүн болот.
Эгер макаланын негизги мазмуну ишенээрсиз айтууларды камтыса жана сиз анын жакшыртылышына болгон мүмкүнчүлүктөрдү көрө албасаңыз, анда макаланы өчүрүүгө болгон сунушту Уикипедия:Өчүрүүгө баракчасында коюу туура болот.
Калып:Уикипедиянын эрежелери
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Википедия:Булактарга шилтемелер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.