Болонья шаары - Түндүк Италиядагы шаар.
Рено дарыясынын боюнда жайгашкан. Болонья провинциясынын жана Эмилия-Романья облусунун администрациялык борбору. Калкы 367,2 миң (2005). Маанилүү жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По дарыясы менен туташат. Машина куруу, кара металлургия, химиялык, фармацевтика, полиграфия, жеңил, тамак-аш, текстиль өнөржайы өнүккөн. Атом изилдөөнүн Улуттук борбору, Университет (11-кылым; Европадагы байыркы университеттердин бири), Улуттук пинакотека, Сан-Стефано, Сан-Доминико жана башка музейлери бар. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Болонья этрусктардын (Фельсина) борбору болгон. Аты б. з. ч. 4-кылымдын орто ченинде шаарды басып алган бойлордун атынан аталган. Орто кылымда укук мектеби менен даңкталган. Роман стилиндеги Сан-Стефано чиркөө комплекси (11-13-кылым), жантайыңкы курулган үй-мунаралар (11-12-кылым), готика стилиндеги палаццо (13-15-кылым), Сан-Петронио чиркөөсү (14-17-кылым), ренессанс стилиндеги айкел порталдары (1425-38, скульптору Якопо делла Кверча), ренессанс (Бевилаква, 15-кылым) жана барокко стилиндеги сарайлар сакталган. Бул шаарда 1999-ж. бирдиктүү европ. билим берүү системасын түзүү боюнча эл аралык келишим алынган, к. Болонъя келишими.
Болонья | |
Тарыхы жана Географиясы | |
---|---|
Калкы | |
Калкынын саны | ([[]]) |
Жыштыгы | адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Болонья, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.