Атланта

Атланта - АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар.

Жоржия штатынын административдик борбору. Калкы 433 миң (2004; агломерациясында 4068,8 миң). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. Атланта - Түштүк АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, химиялык целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) заводдору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи м-н), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт. Терминус деген ат м-н 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан Атланта аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. Архитектура эстеликтерден Капитолий имараты (1884-1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк илимий борбору, 4 университет, технология институту, медициналык ири борборлор ж-а клиникалар иштейт. Искусство ж-а археологиялык, асем-өнөр искусство музейлери, Искусство, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйлыгынын лауреаты) улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эң ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-ж. XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эң ири үстү жабык стадион курулган.

Атланта
Атланта.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Tags:

АКШАгломерацияАрхитектураЖоржияШаар

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Сүйлөм мүчөлөрүТиричиликКыргыз аттарыОрто АзияАКШ президенттеринин тизмесиСвейлерМахмуд КашгариКыргыздын улуттук кийимдериКөкөтөйдүн ашыСайтКыргыз автономиялуу облусуЧыгыш АзияБоз үйКазат АкматовХимиялык булаларКошойХимиялык элементИспанияТаттыбүбү ТурсунбаеваМектепДарыяШүкүрбеков РайканКар көчкүКалктын иш менен камсыз болуусуДары өсүмдүктөрКан агууБаңгиликАйсулуу ТыныбековаВикипедияБөлүкчөКыргызстанТок күчүЧернобыль авариясыАба транспортуМыйзамдуулук (мыйзам үстөмдүгү)ТөөИшкерСалыкТоокСуу сактагычБиоценоздогу организмдер байланышыСууга чөгүүБаланын психикасынын өөрчүшүКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруЖапонияАбдыкерим СыдыковЭс алууТуберкулёзОшБиогеоценозКурал-жаракБайыркы кыргыздарЗаара бөлүп чыгаруу системасыКалык АкиевПедагогикаАнжиян көтөрүлүшүБиринчи мугалимӨсүмдүкЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыБарсбек каганАбдыкадыр ОрозбековДем алуу системасыСоветбек БайгазиевБириккен Улуттар УюмуТатаал сөздөрБаткен облусуДилбаянБөйрөкТүштүк ЕвропаКара кытайлар (кара кидандар)ЧабалекейлерВитаминдерМеталл эместерТаш дооруСырдык сөзЖер титирөө22-апрель🡆 More