Арифметика — сандар жана алар менен болгон амалдар жөнүндөгү илим; математиканын бир бөлүмү.
Мында сан түшүнүгүнүн келип чыгышы жана өнүгүшү, эсептөө ыкмалары жана каражаттары, ар кандай сандар менен амалдарды жүргүзүү, сан көптүктөрүнүн аксиомалык түзүлүшүн анализдөө, сан касиеттери жөнүндөгү маселелер каралат. Арифметика Египет менен Вавилонияда өзүнчө илим болуп калыптанган. Арифметиканын негизин түзүшкөн математиктер болуп Евклид, Никомах, Диофант ж. б. эсептелет. Арифметика көбүнчө теориялык арифметика же сандар теориясы деп аталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Арифметика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.