Андорра-Ла-Вилья - Андорра мамлекетинин борбор шаары.
Валира дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар) жайгашкан. Калкы 20,4 миң (2004). Шаардын агломерациясы Андорра-Лес-Эскальдесте өлкөнүн калкынын ½ бөлүгү жашайт. Тамеки фабрикасы; сувенир, сыр жасоочу, жүн жип ийрүү ишканалары, музыкалык академия, театр жана башкалар бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка жана ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн. 9-кылымдын башында негизделген. Ыйык Арменголь чиркөөсү (11-12-кылым), өкмөттүн резиденциясы «Дом долин» (16-кылым; азыр сүрөт жана тарых музейи) сакталган.
Андорра-Ла-Вилья | |||
кат. Andorra la Vella | |||
| |||
Өлкө | Андорра | ||
---|---|---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү | IX век | ||
Аянты | 12 | ||
Бийиктиктиги | 1409 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 22 615 (2014) | ||
Жыштыгы | 1866,50 адам/км2 | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +1 | ||
Почта индекси | AD500 | ||
http://www.comuandorra.ad/ |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Андорра-Ла-Вилья, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.