Акварель

Акварель (французча  aquarelle; латынча aqua – суу, суу боёктору) – боёочу материал.

Акварель живописи үчүн арналат. А. катуу плитка түрүндө жарым жумшак фарфор чөйчөкчөлөрдө жана жумшак тюбиктерде болот. Акварель боёктору менен тартылган живопистеги сүрөт тартуу техникасы да А. аталат. А-ди кадимки эле кагазда боёкторду сууда эзип алып, тегерек баштуу жебилге менен тартышат. Эң жука боёлгон катмардын жумшактыгы жана тунуктугу акварель живописинин эң маанилүү, өзгөчө касиети болуп эсептелет. Ак боёк ашыкча коюу боёк катары бул жерде колдонулбайт (аны бүт живопись аркылуу көрүнүп турган кагаздын ак түсү алмаштырып турат). Бул сүрөт тартуу техникасынын мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен, ошону менен бирге кыйынчылыктары да жетиштүү. Кээ бир жетишпей калган деталдарды кайрадан түп-тамырынан бери оңдоп чыгуу көп учурда бул жерде мүмкүн болбойт. Кээде А. тунук эмес, салыштырмалуу коюу ак боёктор менен тартылат, мындай учурда бул материалдын негизги касиети кескин өзгөрөт жана ал гуаштын өзгөчөлүктөрүнө жакындайт.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Мамыр Мерген уулуКонституцияТамак сиңирүүЖемиштерКошмок сөздөрКыргыз киносу“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыКыргыз Республикасынын улуттук китепканасыБиоценоздогу организмдер байланышыКымызТоо-кен өнөр жайы«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»«Көкөтөйдүн ашы»Тоголок Молдонун чыгармаларыЖунгар хандыгыМаданиятИманалы АйдарбековЖоомарт БөкөнбаевМурунТүштүк-Батыш АзияЖусуп АбдрахмановБанкКургак учукМолдо НиязХайду мамлекетиАмерикаУсубалиев Турдакун УсубалиевичТөөАктивдүү лексикаСүтКазакстанКалдыксыз технологияУлуу Кыргыз ДөөлөтүКыргызстандын экологиялык көйгөйүТузКомуз күүсүБир өңчөй мүчөКүнЭсенкожоев КусейинКыргызстандын гербиОрусияКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыГрамматикаКош бойлуулукАтомЭкологиялык факторлорГалогендерДраматургияБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыТүлөбердиев ЧолпонбайОндук эсептөө тутумуИсхак РаззаковКокон хандыгыРадиоактивдүүлүкСаспаев АманПунктуацияУйгур кагандыгыТаштандыларды кайра иштетүүСелРоза гүлдүүлөрСары-Челек биочөйрөлүк коругуКант диабетиАлександр МакедонскийМиграцияКосмосКыргыз элчиликтериБиологияМухаммед пайгамбарЖалал-АбадБоз үйдүн негизги жабдууларыБарпы АлыкуловСемантикаМултимедиаДем алуу системасыЖер🡆 More