Айлардын Кыргызча Аталышы: Айлардын кыргызча аталышы

Жер планетасындагы жыл, адатта, он эки айга бөлүнөт.

Кыргыз эли байыркы замандан бери жыл сүрүү, анын ичинде ай аталыштарын колдонуу боюнча өз алдынча системаны да пайдаланып, эл аралык тажрыйбаны да эске алып келген.

Кыргызча айлардын аттарын сыпаттап берүүдө Евразияда, анын ичинде Борбордук Азияда таркаган жыл эсебинин системаларын туура таразалоо керек.

Биринчиден, Борбордук Азияда ар кыл түрдө жыл эсеби жүрүп келген. Бири - күн жылнаамасына (календарына) негизделсе, экинчиси - ай жылнаамасына таянган.

Күн эсеби менен бир жыл 365 (366) күн болсо, ай эсеби менен 354 (355) күн болгон.

Бул айларды европалык салттын айына механикалык которуу кылуу туура эмес, анткени орустун айы күн эсеби менен эсептелген айдан 20 (21) күн айрымасы бар.

Этнограф Гродеков тарабынан жазылган айдын аттары араб тилиндеги күн эсеби менен жазылган айлардын аттары. Бул ай эсеби Борбордук Азияда, Иран, Ооганстан, Пакистан жана Индиядада колдонулат. Арабча деп жазылган ай календарына негизделген ай аттары Ислам дининин жыл эсеби болуп бардык мусулман өлкөлөрүндө колдонулат.

Кыргыздын нагыз ай аттарын ирээттөө жана аларды азыркы европалык календарга салыштырма тогоштуруу - академик, профессор Кусейин Карасаевдин вариантында ийгиликтүү жүзөгө ашырылган.
Кыргызча Орусча Уйгурча Арабча Казакча
1 Жалган Куран Март Үчүнчү ай Мухаррам жыл башы Наурыз
2 Чын Куран Апрель Төртүнчү ай Сафар Сәуір
3 Бугу Май Бешинчи ай Рабигуль-авваль Мамыр
4 Кулжа Июнь Алтынчы ай Рабигуль-ахыр Маусым
5 Теке Июль Жетинчи ай Жумадиль-авваль Шілде
6 Баш Оона Август Сегизинчи ай Жумадиль-ахыр Тамыз
7 Аяк Оона Сентябрь Тогузунчу ай Ражаб Қыркүйек
8 Тогуздун айы Октябрь Онунчу ай Шабан Қазан
9 Жетинин айы Ноябрь Он биринчи ай Рамазан Қараша
10 Бештин айы Декабрь Он экинчи ай Шавал Желтоқсан
11 Үчтүн айы Январь Биринчи ай Зулькаада Қаңтар
12 Бирдин айы Февраль Экинчи ай Зульхижжа Ақпан

Мусулман ай календарындагы айлар улам жылып турат. Кыргыз ай аталыштары күн жылсанагына негизделгендиктен, ордунан жылбагандыгы менен баалуу.

1889-жылы Н.И.Гродеков тарабынан жазылып алынган казак, кыргыздарынын ай аттарынан:

Делү - январь (челек-чака)
Кут - февраль (балык)
Камал - март (козу)
Соор - апрель (бука)
Жүзө - май (эгиз)
Саратан - июнь (рак)
Асат - июль (арстан)
Сүмбүл - август (машак)
Мыйзам - сентябрь (тараза)
Акрап - октябрь (чаян)
Коос - ноябрь (жаа)
Жеди - декабрь (улак)

Айтмакчы, ай календарына негизделген араб ай аттары мында салыштырмалуу түрдө берилди, анткени, маселен, мухаррам айы күн календарындагы бардык айларга акырындап жылып отуруп өтө берет (бул күн календарындагы жылга караганда, ай календарындагы жылдын дээрлик 10 күнгө кыска болушуна багыныңкы).

Жыл сүрүүнүн мындай өзгөчөлүгүн эске албастан, айрым календар чыгаруучулар калпыстык менен араб ай календарынын аттарын кыргыздын күн календарынын ай аттарына жармаштыра беришет.

Кыргыздын жыл сүрүшү

Жыл сүрүү менен байланыштуу 12 жаныбардык циклди колдонуу салты жалпы түрк-монгол көчмөн цивилизациясынын байыркы орток башатына байланыштуу.

Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.

Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында 1029-1038-жылдар аралыгында туулган Махмуд Кашгари Барскани да он эки жаныбардын ысымына негизделген системанын келип чыгышы тууралуу бир уламышты мындан он кылым илгери, 1072-1077-жылдары жазылган "Дивану лугати т-түрк" - "Түрк тилдеринин сөзжыйнагы" эмгегинде таасын чагылдырган.

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “доңуз”аталат.

Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь боюнча берилиши

  1. Чычкан 1924193619481960197219841996200820202032
  2. Уй 1925193719491961197319851997200920212033
  3. Барс 1926193819501962197419861998201020222034
  4. Коён 1927193919511963197519871999201120232035
  5. Улуу 1928194019521964197619882000201220242036
  6. Жылан 1929194119531965197719892001201320252037
  7. Жылкы 1930194219541966197819902002201420262038
  8. Кой 1931194319551967197919912003201520272039
  9. Мечин 1932194419561968198019922004201620282040
  10. Тоок 1933194519571969198119932005201720292041
  11. Ит 1934194619581970198219942006201820302042
  12. Доңуз 1935194719591971198319952007201920312043

Колдонулган адабият

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Али Дашман. Кыргыз жана түрк тилиндеги ай аттары //(Бишкек, 2006), КУУнун жарчысы, Сер.1.-№ 4.-Б., 2006.-338-340-б.

Интернеттеги шилтемелер

Tags:

Айлардын Кыргызча Аталышы Кыргыздын жыл сүрүшүАйлардын Кыргызча Аталышы Колдонулган адабиятАйлардын Кыргызча Аталышы Интернеттеги шилтемелерАйлардын Кыргызча АталышыЖерКыргыздар

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Компьютердик вирусАйгүл гүлүКылым карытар бир күнВизантия империясыКрылов Иван АндреевичЗар-заманАппендицитЖалал-АбадHTML«Кыргыз» этнонимиБаланын психикасынын өөрчүшүТурусбеков ЖусупТүгөлбай СыдыкбековӨмүр баянБүбүсара БейшеналиеваИндукциялык токКан агууТоо арасында (роман)Мүнөз (психология)Тарбиялоонун методдоруКыргызстандагы таш дооруДүйнөлүк диндерСтив ЖобсЭмгекКыргызстандын экологиялык көйгөйүУламышБруцеллёзСууЕвропаНеологизмТүрк кагандыгыСүйлөөДилбаянБалыкКыргыз элинин калыптанышыБасымГеографиялык ландшафтФотосинтезМанасчыМакал-ылакаптарМанипуляцияИшмердүүлүкКичинекей ханзадаБарпы АлыкуловПарник эффектисиОгуз намеКыргызстан көмүр кендериЧырга тартуу ( Мүнүшкөрлүк )ЭхинококкозКанЖоолук таштамайИммиграцияСөз түркүмүӨсүмдүкАнглияЭне-Сай кыргыз кагандыгыКыз куумайИлимПублицистикаИчтин катуу кармоочу оорусуЭнесай Кыргыз кагандыгыЭкинчи дүйнөлүк согушДекларация (жарнак)Рельефтин жалпы мүнөздөрүИсхак РаззаковКөбөйтүүОкутуу методуМагнит талаасыАткаруу бийлигиБалдардын курак мезгилдериИсак БекбоевАжар (повесть)Сөөк системасыАй фазаларыДен соолукАвстралияСпорт🡆 More