Азимов Айзек (англ. Isaac Asimov, 2-январь, 1920, Петровичи, Климович уезди, Гомель губерниясы, ОССФР — 6-апрель, 1992, Нью-Йорк, АКШ) — америкалык жазуучу-фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу.
Колумбия университетин бүткөн (1939), Бостон университетинде сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Ага «Негиз» үчилтиги (1966) атак-даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фантастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам менен машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары анализденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү, ар түрдүү энциклопедиялардын, анын ичинде Библия жана Шекспир боюнча китептердин автору катары белгилүү. Илимий фантастикалык жана илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960-жылдын ортосунан орус тилине которулган. Хүго и Небула сыйлыктарынын көп жолку ээси. Анын чыгармаларында колдонулган — robotics (роботехника, роботика), positronic (позитрондук), psychohistory (психотарых, кишилердин чоң топторунун жүрүм-туруму тууралуу илим) терминдери англис ж-а башка тилдерге туруктуу кирген. Англо-америкалык адабий чөйрөдө Айзек Азимов Артур Кларк жана Роберт Хайлайн менен бирге "Үч чоң" фантаст-жазуучулардын бири катары таанылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Айзек Азимов, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.