Адольф Гитлер

Адольф Гитлер (нем. Adolf Hitler) (20 апрель 1889, Браунау-на-Инне, Австро-Венгрия — 30 апрель 1945, Берлин, Нацисттик Германия) – фашисттик диктатор; Германиянын улутчул-социалисттик партиясынын жол башчысы (1921-жылдан фюрер), 1933–45-ж.

рейхсканцлер, 1934-жылдан президенттик пост менен бириктирип алган. 1941-жылдан герман куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. 1934-ж. Германияда фашисттик-террордук режимди орнотуп, саясий атаандаштарынын бардыгын «узун бычактар түнүндө» жок кылган. Экинчи дүйнөлүк согушту түздөн-түз баштоочулардын бири, 1938-ж. Австрияны аншлюстаган жана Чехословакиянын Судет областын басып алган. Польшаны басып алуу үчүн Советтер Союзу менен кол салышпоо тууралуу пактыга кол коюп (1939), аны бузуу менен 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салууну уюштурган. Оккупацияланган аймактарда согуш туткундарын жана жергиликтүү элдерди массалык түрдө кырып жоюунун (өзгөчө еврейлерди) негизги уюштуруучуларынын бири болгон. Советтик аскерлердин Берлинге кириши менен өзүн-өзү өлтүргөн. Нюрнберг процессинде Гитлер негизги нацисттик кылмышкер катары аныкталган.

Адольф Гитлер
Адольф Гитлер.
Адольф Гитлер
Адольф Гитлер.

Колдонулган адабияттар

Tags:

18891945Австро-ВенгрияАншлюсБерлинДиктаторМолотов-Риббентроп пактысыНацисттик ГерманияНемис тилиНюрнберг процессиЧехословакияЭкинчи дүйнөлүк согуш

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыздын улуттук кийимдериОрмон ханГагарин Юрий АлексеевичРасаАкча системасыКоопсуздук техникасыЖайлооДабан мамлекетиМедицинаЖамийла (повесть)МурунКомузИшкердикФерментКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруКлетка теориясыЖеңиш КүнүЭлектрТабигый ресурстарБарпы Алыкул уулуОмонимСинекдохаТүрк кагандыгыКалмактарГеометрияБуудайЖылкыЫсык-Көл облусуКаакым-кукумБаяндоочРадиоактивдүүлүкКыргыз сүрөт өнөрүКытайТеңир-ТооМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыКыргыз оюм чийимдериАк кууларКитептин тарыхыӨзбекстанКыргыз алфавитиЖаратылыш паркыОкутуунун жаңы технологияларын пайдаланууОшФотосинтезЛазерБака жалбыракКыргызстандын шаарларыЖай мезгилиГалогендерАбсамат МасалиевЖер астындагы сууларШабдан баатырРиторика.Риторика илими.АрчаЭки миң сомБаткен районуМусулманкулМанас НиязовУлуу БританияМорфологияКыргыз композиторлоруТабигый ресурстар, жaратылышНарын дарыясыАпрель революциясыБилим берүүнүн мазмунуДарыТокойЭтишКасым КаимовДан өсүмдүктөрүЖапонияКыргыз тилинин жазуу эрежелериОрто АзияКайрымдуулук ишиЫсык-Көл ойдуңуЕвразияКыргызстан көмүр кендериСак уруусу🡆 More