Адам укуктарынын жалпы декларациясы — адам укугу боюнча биринчи ийкемдүү эл аралык акт.
1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 217 А (III) («Адам укугунун эл аралык пакты») резолюциясынын негизинде Париждеги Шайо сарайында кабыл алган.
Декларациянын тексти дүйнөнүн 375 тилине жана диалектилерине которулган жана адам ээ болгон укуктардын алгачкы глобалдык аныктамалары болуп эсептелет. Декларация Алгы сөздөн (Преамбула) жана 30 беренеден турат.
Аларда адамдын негизги жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктары менен эркиндиктери жарыяланган. Адам укуктарынын жалпы декларациясы эл аралык келишим болуп эсептелбегендигине карабастан, эл аралык тажрыйбадан, салт-каадалардан улам гуманисттик мүнөзүнө ылайык милдеттүү күчкө ээ.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адам укуктарынын жалпы декларациясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.