Чеченстан расмий түрдө Чече́нстан Респу́бликасы (чеч.
Нохчийн Республика, Нохчийчоь) — Орусия Федерациясынын курамындагы республика. Түндүк Кавказдын чыгышында жайгашкан. Иңгушстан менен жана Түндүк Осетия түндүк-чыгышында, жана түштүгүндө Дагстан менен чектешип эң түштүгүндө Грузия менен чектешет.
Чеченстан Республикасы чеч. Нохчийн Республика, Нохчийчоь орус. Чеченская Республика, Чечня | |||
| |||
| |||
Өлкө: | Орусия | ||
---|---|---|---|
Абалы: | Республика | ||
Киргени: | Түндүк-Кавказ федералдык аймагы | ||
Курамында: | 15 район, 3 республикалык маанидеги шаар | ||
Акимий борбору: | Грозный | ||
Ири шаарлары: | Урус-Мартан, Шали, Гудермес | ||
Түзүлгөн убакыты: | 2003 | ||
Башчы: | Рамзан Кадыров | ||
Парламенттин төрагасы: | Магомед Даудов | ||
Башчысы: | Муслим Хучиев | ||
ИДӨ (2018): | 193,1 млрд₽ | ||
Расмий тили: | Чечен тили | ||
Калкы (2023): | ▲ 1 533 209 киши | ||
Жыштыгы: | 94,81 адам/км² | ||
Улуттук курамы: | Чечендер • Орустар | ||
Жер аянты: | 16 171 км² км² (76чы орун орун) | ||
Саат алкагы: | UTC+3 | ||
Аббревиатура: | ЧР, Чечня | ||
ISO 3166-2 коду: | RU-CE | ||
Телефон коду: | +7 871 | ||
Унаа коду: | 20, 96 | ||
Расмий сайты |
Орус тилинде чечендер жашаган негизги аймакта түзүлгөн Орусия Федерациясынын субъектинин аталышы бүгүн Чечен Республикасы же Чеченстан деп аталат. Аттын этимологиясы орус тилдүү чечендер экзоэтноними менен байланыштуу жана 18-кылымдын башына туура келет (этнонимдин мурда пайда болгондугу жөнүндө дооматтар бар). Республиканын чечен тилиндеги аты — Нохчийн Республика же Нохчийчоь. Улуттук аталыш чечендердин Нохчий эндоэтноними менен байланышкан. Ошондой эле адабиятта аттары бар: 7-кылымда - Нахчемат - Нахче өлкөсү, башкача айтканда чечендер, 13-кылымда - Нахчу, Чеченстан, Дзурдзукети, Кистия, Кистетия, Кистин жери.
Калкы 1,4 млн (2015); негизинен чечендер, ошондой эле орус, дагстандыктар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт жыштыгы 1 км2 жерге 39,6 киши. Мусулман динин тутат. Шаар калкы 35,3% . Адм. борбору - Грозный ш. Адм-айм. жактан 15 районго, 5 шаарга жана 3 шаарчага бөлүнөт. Түштүк федерация округуна кирет. Мамлекеттик органдар бийлигинин системасы 2003-ж. кабыл алынган Чечен Респ-нын конституциясы тарабынан аныкталат. Россиянын Европа бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түндүк капталынын борбордук бөлүгүндө, ага улай жаткан Чечен туздүгүндө жана ТерекКума ойдуңунда жайгашкан.
Табигый шарты адамдардын жашоо шартына жагымдуу. Экол. абалы курч. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -3... -12°С, июлдуку 21-25°С. Жылдык жаан-чачыны 300-1000 мм. Негизги дарыялары - Терек жана Сунжа. Түздүктөрүнө кара, тоолоруна тоо-токой жана тоо-шалбаа топурагы мүнөздүү.
Түздүгүн талаа өсүмдүктөрү, тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой (бук, граб, эмен), субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Чеченстан, Региондук дүи продукциясынын структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 51,7, курулуштуку 13,9, айыл жана токой чарбасыныкы 10,2, минералдык сырьёлорду казып алуунуку 9,8 (нефть жана жаратылыш газы), транспорт жана байланыштыкы 8,0, өндүрүш жана электр энергиясын бөлүштүрүү, газ менен суунуку 5,9, кайрадан иштетүүчү өндүрүштүкү 0,5. Mamma куруу (негизги өндүрүшү электр жабдуулары), тамак-аш, курулуш материал өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбасында мал чарбачылыгы басымдуу. Уяң жүндүү кой, бодо мал асыралат. Үй куштары багылат. Дан эгиндери, тоют жана техникалык өсумдүктөрү, картөшкө жана жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 2,8 (асфальтталган), т. ж-нуку 0,3.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чеченстан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.