Youtube

YouTube — башкы штабы Калифорниянын Сан Бруно жергесинде жайгашкан Американын видео бөлүшүү вебсайты.

Кызмат PayPal компаниясынын мурдагы үч мүчөсү, Чад Харли, Стив Чен жана Жавед Карим тарабынан 2005-жылы февраль айында түзүлгөн. Google компаниясы сайтты 2006-жылы ноябрда 1.65 млрд АКШ долларына сатып алган; YouTube учурда Google'дун туунду компаниясы катары иштейт.

Youtube

YouTube колдонуучуларга видеолорду жүктөө, көрүү, баалоо, бөлүшүү, сүйүктүүлөргө кошуу, арыздануу, пикир жазуу жана башка колдонуучуларга жазылуу мүмкүнчүлүктөрүн берет. Ал колдонуучулар өндүргөн жана медиа корпорациялардын видеолорунун кеңири түрүн көрсөтүш үчүн WebM, H.264/MPEG-4 AVC жана Adobe Flash Video технологияларын колдонот. Жеткиликтүү мазмундар видео чыгырыктарды, сыналгы шоулорун, видео клиптерди, музыкаларды, тасмалардын трейлерлерин жана видео блог, кыскача түп нуска видеолор, билим берүүчү видеолор сыяктуу башка мазмундарды камтыйт. YouTube'дагы мазмундун көпчүлүгү жеке адамдар тарабынан жүктөлүп келет, бирок CBS, BBC, Vevo жана Hulu сыяктуу жалпыга маалымдоо корпорациялары YouTube өнөктөштүк программасынын бир бөлүгү катары YouTube аркылуу кээ бир материалдарын сунуштап турушат. Катталбаган колдонуучулар сайтта видеолорду гана көрө алышат, ал эми катталган колдонуучулар чектөөсүз видео жүктөп, видеолорго ой-пикир жаза алышат. Потенциалдык түрдө агрессивдүү деп эсептелген видеолор өздөрүн жок эле дегенде 18 жашта экенин бышыктап катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү.

YouTube Google AdSense менен жарнамалоо аркылуу киреше табат. Бул программа сайттын мазмунуна жана аудиториясына жараша жарнамаларды багыттап турат.

Tags:

GooglePayPalАмерика Кошмо Штаттары (АКШ)Калифорния

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Мутациялык селекцияТойбаев, Мырзабек РаевичКорей Эл-Демократиялык РеспубликасыКокон көтөрүлүштөрүЖеңиш КүнүТоголок МолдоЖаратылышҮнсүз тыбыштарЖалал-АбадШераалы ханСемантикаСаспаев АманАлымбек даткаМанап бийКыргыз Республикасынын Кызыл китебиБаткен районуБөйрөк ишинин начарлашыКокон хандыгыАныктоочМухаммед пайгамбарКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүЖыланСынган кылычКыргыз тилинин жазуу эрежелериЖыл сүрүү жадыбалыАйчүрөкӨнөр жайТабиятКасымалы ЖантөшевИранЭкономика жана саясатСак цивилизациясыКыргыз автономиялуу облусуКыргызстандагы жылуулук режимиАлай тоо кыркасыТөлөгөн КасымбековМейкиндикСаймалуу ташМолдоваКыргыз-Казак согушу (1846)Курманбек эпосу“Алтын кыз” (драма)БеларусьЧагылганМузыкаКылым карытар бир күнПолот ханЕгипет пирамидаларыКыргыз элинин калыптанышыӨмүр баянФранцияПублицистикаУсубалиев Турдакун УсубалиевичГрамматикаАк карагайБайыркы Египет маданиятыБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарАтоочтукДеңиз деңгээлиАдеп-ахлактуулукКыргызстандын чек араларыКоёндор жапайыТерминологияЧүй облусуЖүрөкСпортАлыкул ОсмоновГазКан айланууКыргызстан тарыхыЖасалма интеллектДабан мамлекетиДарыяБүркүтТоп жылдызГеографиялык кабык🡆 More