Эпитетадабият

Эпитет(гр.

– түшүндүрүү) – троптун бир нерсенин, окуянын, кубулуштун мүнөздүү бөтөнчөлүктөрүн көрсөтүп берүүчү түрү. Мындай сөздөр (эпитеттер) буюмдун же окуя-кубулуштун сапатын, тек-жаатын, башкалардан айырмалуу касиетин индивидуалдаштырат, речти көркөмдөөгө жардам берет. Эпитеттер сөзсүз түрдө кайсы бир сөздү же сөз айкашын жандап келет. «Алтын өзөн», «Арстан Манас» десек, мындагы Эпитет сөздөр «алтын» жана «арстан» сөздөрүнөн кийинки «Өзөн» жана «Манас» деген сөздөрдүн негизги белгилерин бир кыйла күчөтүп, өтмө мааниде көрсөтүп турат. Эпитеттер зат атооч (күмүш зымдар, бойдок жигит), сын атооч (ак шумкар, жашыл жалбырак), сан атооч («токсон жыл кыргын болсо да, касиети кетпеген») ж. б. сөз түркүм-дөрүнөн түзүлөт. Эпитеттер туруктуу жана өзгөрүлмө болуп бөлүнөт. Туруктуу эпитеттер элдик оозеки чыгармаларда кеңири учурайт да, мындай учурда эпитет катары дайыма колдонулуп жүргөн даяр сөздөр мүнөздүү түшүнүктөрү менен кошо келет. Мисалы, Элемандын Эр Төштүк, Шер Манас, ак олпок, кызыл туу, ак сүт, ак чач ж. б. Өзгөрүлмөлүү эпитеттердин туруктуу сөздөрү жок, алар автордун максатына багындырылып колдонула берет. Мисалы,


Мөөр сыны: аппак ыраң, кара көз,
Кырдач мурун, субагай бой, чарчылуу.
Ичке кашы жүрөккө урчу жебедей,
Саал ийилип, саамай жакка тартылуу.
Бир жазылып, бирде азыраак жыйрылат,
Сүйлөп жаткан сөз ыргагы аркылуу.

(С. Эралиев)

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Tags:

Грек тилиЗат атоочСын атоочЭр Төштүк

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Апрель революциясыМорфологияОрозбак уулу СагымбайКубатбек ЖусубалиевКалендарьМамлекеттик бюджетСөз түркүмүКыргызстандын географиясыНеологизмдерМолекулаВакуумМаданиятЛейкоциттерЕвразияАлфавитРиторика.Риторика илими.ПсихологияСинтаксис«Жаныш-Байыш» эпосуФразеологизмдерЛандшафтРоза, гүлМеталлургияКүкүрт кислотасыДайыр АсановАйлана чөйрөнү коргооФилософияФонетикаТамсилКайра курууЭкономикаБразилияКыргызстандын токойлоруМен жана милицияАвитаминозТабигый ресурстарТабигый ресурстар, жaратылышДүйшөнкул ШопоковБайыркы грек философиясыЭмгекАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиБелокКычкылтекЧернобыль авариясыУкраинаИса АхунбаевТуруктуу өнүгүүЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүБөйрөк оорусуПедагогикалык изилдөө методдоруБуудайЫсык-КөлКазакстандагы суу ташкыны (2024)Табият кырсыктарыЖоон үндүүлөрСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.Түштүк КореяАйМодал сөздөрЖөндөмөТажикстанТоктоболот АбдумомуновКудаяр ханТишКотормочуСүйлөм мүчөлөрүСайтБалбай баатыр Эшкожо уулуЖүрүм-турумЭлектр тогуКасым ТыныстановПлазмаТаандык категориясыКөкөтөйдүн ашыКитепканаМамлекеттердин тизмесиСөөк системасыҮй-бүлө🡆 More