Динозаврлар (Dinosauria) - сойлоочулардын тукум курут болгон, саны эң көп түркүмү.
Динозаврлардын алгачкы түрү орто триас мезгилинде, акыркы түрү бор мезгилинин аягына чейин жашаган. Узундугу 25 мге жеткен. Динозаврлардын түпкү теги триастык архозаврлар-текодонттор болгон. Айрымдары (жырткыч динозаврлар, орнитоподдор) эки буттап, башкалары (стегозаврлар, мүйүздүү динозаврлар) төрт буттап баскан. Динозаврлардын бир нече жүз түрүн бириктирген 2 түркүмү - кескелдирик учалуу (апатозаврлар, диплодок) жана куш учалуу динозаврлар (игуанодонттор, өрдөк тумшук динозаврлар, стегозаврлар, заурлоф) болгон. Алар кургакта, кээ бири сууда жашаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Динозавр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.