Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) — эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.
БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамлекеттердин демилгелери менен ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары жана түзүлүшү 2-дүйнөлүк согуштун убагында эле (Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекетинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым (Ялта) конференциясында (1945-ж.), Сан-Франциско конференциясында (1945-ж.) талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен бешөө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү).
БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь 1945-жыл – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган жана бекитилген: мисалы,
Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган.
БУУнун башкы органдары:
1. Генералдык Ассамблея;
2. Коопсуздук Кеңеши;
3. Экономикалык жана социалдык Кеңеш;
4. Кам көрүү Кеңеши;
5. Эл аралык Сот;
6. Катчылык же Баш катчы,
7. Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар.
спасибо за внимание!
№ | Аты-жөнү | Өлкө | Ыйгарым укугун башталышы | Ыйгарым укуктун аякташы |
---|---|---|---|---|
— | Глэдвин Джебб (милдетин аткаруучу) (англ. Gladwyn Jebb, 1st Baron Gladwyn) | Улуу Британия (Батыш Европа) | 24 октябрь, 1945 | 1 февраль, 1946 |
1 | Трюгве Ли (норв. Trygve Lie) | Норвегия (Батыш Европа) | 2 февраляь, 1946 | 10 ноябрь, 1952 |
2 | Даг Хаммаршёльд (швед. Dag Hammarskjöld) | Швеция(Батыш Европа) | 10 апрель, 1953 | 18 сентябрь, 1961 |
3 | У Тан | Бирма(Азия) | 30 ноябрь, 1961 | 1 январь, 1972 |
4 | Курт Вальдхайм (нем. Kurt Waldheim) | Австрия(Батыш Европа) | 1-январь, 1972 | 1 январь, 1982 |
5 | Хавьер Перес де Куэльяр (исп. Javier Pérez de Cuéllar) | Перу(Түштүк Америка) | 1 январь, 1982 | 1 январь, 1992 |
6 | Бутрос Бутрос-Гали (араб. بطرس بطرس غالي) | Египет(Африка) | 1 январь, 1992 | 1 январь, 1997 |
7 | Кофи Аннан (англ. Kofi Annan) | Гана(Африка) | 1 январь, 1997 | 1 январь, 2007 |
8 | Пан Ги Мун (кор. 반기문) | Түштүк Корея(Азия) | 1 январь, 2007 | 1 январь, 2017 |
9 | Антониу Гутерреш (порт. António Guterres) | Португалия(Батыш Европа) | 1 январь, 2017 | Азыркы учурда кызматта |
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бириккен Улуттар Уюму, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.