Бараташвили Николоз Мелитонович (15(27).
12. 1817-9(21). 10. 1845) - грузга акыны. Дворяндын үй-бүлөсүндө туулган.
Бараташвилинин чыгармалары (37 ыр, 1 поэма) көзү өткөндөн кийин (1852) жарык көргөн. Грузин адабиятында Шота Руставелиден кийинки классик катары калган акын.
Анын поэзиясы - грузин романтиз-минин жеткен бийиктиги. Бараташвилинин негизги темалары: грузин элинин тагдыры ("Грузиянын тагдыры" поэмасы), жеке адам менен коомдун ортосундагы конфликт ("Мтацминадагы кеч", 1836; "Кура боюнда толгонуу", 1837), акыл менен акыйкаттын салтанатына бекем ишенүү ("Мерани", 1842), түпкүлүктүү турмуш маселелери жөнүндө философиялык ой жүгүртүүлөр. Бараташвили грузин ырынын поэтикасын жаңыртып, анын философиялык тереңдигин, музыкалуулугун, пластикалуулугун арттырган, көркөм каражаттарын байыткан.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бараташвили Николоз Мелитонович, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.