Чече́нстан Респу́бликасы (чеч.
Нохчийн Республика, Нохчийчоь) Орус Федерациясндагы республика. Түндүк Кавказдын чыгышында жайгашкан. Аянты — 16 171 км². Иңгушстан менен жана Түндүк Осетия на түндүк-чыгышында, жана түштүгүндө Дагестан менен чектешип. Эң түштүгүндө Гүржүстан менен чектешет.
Чеченстан Республикасы | |
---|---|
|
Калкы 1,4 млн (2015); негизинен чечендер, ошондой эле орус, дагстандыктар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт жыштыгы 1 км2 жерге 39,6 киши. Мусулман динин тутат. Шаар калкы 35,3% . Адм. борбору - Грозный ш. Адм-айм. жактан 15 районго, 5 шаарга жана 3 шаарчага бөлүнөт. Түштүк федерация округуна кирет. Мамлекеттик органдар бийлигинин системасы 2003-ж. кабыл алынган Чечен Респ-нын конституциясы тарабынан аныкталат. Россиянын Европа бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түндүк капталынын борбордук бөлүгүндө, ага улай жаткан Чечен туздүгүндө жана ТерекКума ойдуңунда жайгашкан.
Табигый шарты адамдардын жашоо шартына жагымдуу. Экол. абалы курч. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -3... -12°С, июлдуку 21-25°С. Жылдык жаан-чачыны 300-1000 мм. Негизги дарыялары - Терек жана Сунжа. Түздүктөрүнө кара, тоолоруна тоо-токой жана тоо-шалбаа топурагы мүнөздүү.
Түздүгүн талаа өсүмдүктөрү, тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой (бук, граб, эмен), субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Чеченстан, Региондук дүи продукциясынын структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 51,7, курулуштуку 13,9, айыл жана токой чарбасыныкы 10,2, минералдык сырьёлорду казып алуунуку 9,8 (нефть жана жаратылыш газы), транспорт жана байланыштыкы 8,0, өндүрүш жана электр энергиясын бөлүштүрүү, газ менен суунуку 5,9, кайрадан иштетүүчү өндүрүштүкү 0,5. Mamma куруу (негизги өндүрүшү электр жабдуулары), тамак-аш, курулуш материал өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбасында мал чарбачылыгы басымдуу. Уяң жүндүү кой, бодо мал асыралат. Үй куштары багылат. Дан эгиндери, тоют жана техникалык өсумдүктөрү, картөшкө жана жашылча айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 2,8 (асфальтталган), т. ж-нуку 0,3.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чеченстан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.