Алтын

Алтын (лат.

Aurum) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы I В группа элементи; к. н. 79, ат. м. 197. Байыртадан белгилүү моноизотоптуу асыл металл. Жаратылышта эркин абалда уюган кристалл, кээде күкүм түрүндө топурака минералга аралашкан абалда жолугат. Өндүрүштүк маанидеги кендери Россия Чыгыш жана Батыш Сибирь, Якутия, Забайкалье, Красноярск крайы, Урал, Кыргызстанда: Кумтөр, Жерүй, Макмал, Солтонсары кеңири таралган. А. бирден бир ири кени Түштүк Африкада (дүйнөлүк алтындын 5 % өндүрөт). Кыргызстанда алтын өндүрүү жылына 14-17 т. жетет. Мындан сырткары Америка, Канада, Австралия ири алтын өндүрүүчүлөр болуп саналышат. А. сары түстөгү жалтырак, жумшак, созулгуч металл. 1 г. А. жоондугу 0,0002 мм, узундугу 3420 м болгон ичке зымды чоюп алууга болот. Ат. радиусу 1,44; иондук радиусу 1,37Е; тыгызд. 19,32 г/см3; балкып эрүү темп-расы 10640,430; кайноо темп-расы 2947; магнитке тартылбайт. А. хим. активдүүлүгү начар; кычкылтек, суутек, азот жана көмүртек менен жогорку темп-рада да кошулбайт. А. күкүмдөрүн хлор менен 140-150оС ысытуудан А. хлориди - AuCl3 алынат. Ал А. башка бирикмелерден бөлүп алуунун баштапкы заты болуп саналат. Хим. бирикмелеринде I - III валенттүүлүктү көрсөтөт. Бирикмелери туруксуз. А. 1 көлөм азот, 3 көлөм туз к-сынын, күкүрт жана азот к-сынын аралашмасында жана натрий цианди эритмесинде гана эрийт. А. сымап менен амальгаманы пайда кылат. А. бул касиети аны кенден бөлүп алууда колдонулат. Лат. «Aurum» – сары, «аврора» таңкы шоола деген сөздөн келип чыккан. А. жана анын куймалары медицинада туберкулез оорусун козгоочу бактерияларды жок кылууда жана хим. жактан туруктуу аппараттардын тетиктерин жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

Ат. м.Д. И. Менделеев

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жарандык коргонууЖалал-Абад облусуСоциалдык институтСүмөлөкКыргыз Советтик Социалисттик РеспубликасыКазат АкматовАз кандуулукСоң-КөлАла-Арча Улуттук ПаркСеметей эпосуТоктогул СатылгановУлуу жибек жолуКоопсуздук техникасыМанап бийКол өнөрчүлүкЭволюцияТурусбеков ЖусупДем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алууЖер титирөөКылым карытар бир күнЧолпонБуудайАбай КунанбаевБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмБраузерКара-Суу районуБаңгиликЭлементтер мезгилдик системасыКокон көтөрүлүштөрүӨтмө мааниТиричиликтин пайда болушуМанас эпосуМетафораБурана (мунара)Падышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыМанастын туулганыМанас эпосунун өзөктүк окуяларыАрменияПлутонАлай өрөөнүСуу ЧечекТүргөш кагандыгыБөтөн сөзАтоочтукКаада-салт ырларыЖетимишев СейитРоза гүлдүүлөрГалактикаКыргыз тилинин тарыхыДүйшөнкул ШопоковКыргыз элинин калыптанышыЖыл сүрүү жадыбалыМеталлКызыл алма (тасма)Саякбай КаралаевАжы бийФранциядагы революция (1848)Кара-Кулжа районуУстуканТемирСтамов АсанбекТажикстанСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКүн тутумуКожожашЭлектр-магнит толкундарыОрганикалык эмес химияЛатын АмерикасыЖусуп МамайБышыктоочторСуутекФилософияБөлүкчөСПИДЖердин айлануусуЭр ТөштүкЫсык-Көл облусуКислоталар жана негиздер🡆 More