Науру

Науру (науру Naoero, англ. Nauru), расмий аталышы Науру Республикасы (науру Ripublik Naoero, англ. Republic of Nauru), мурунку аталышы Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island) — Тынч океандын батышындагы, ушундай эле аталыштагы аралда жайгашкан кичинекей мамлекет.

Аянты 21,3 км². Калкы 2023-жылдын маалыматтары боюнча 11,065 адам, алардын 60% науру.

Науру Республикасы
науру Ripublik Naoero
англ. Republic of Nauru

Науру Герб
Туу Герб
Урааны: «God’s Will First (Кудайдын эрки — баарынан жогору)»
Гимн: ««Nauru Bwiema»
(«Науру ыры»)
»
Науру
Эгемендүүлүк күнү 31-январь 1968-жыл

( Улуу Британиядан, Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан)

Расмий тили Науру тили, англис тили
Борбор шаары Жок (де-юре)
Ярен (де-факто)
Ири шаарлар Ярен
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Парламенттин төрагасы
Дэвид Аданг
Маркус Стивен
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
193-орун - дүйнөдө
21,3 км²
0,57
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

11,065 адам (227-орун)
480 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

132 млн. $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

133 млн. $
10,125 $
АДӨИ  0,696 (орточо) (122-орун)
Этнохороним наурулук, наурулуктар
Акча бирдиги Австралия доллары (AUD)
Домени .nr
ISO коду NR
ЭОК коду NRU
Телефон коду +674
Убакыт аралыгы UTC +12:00

Расмий тили — науру жана англис тилдери. Көбүнчө христиандар. Өкмөт жана мамлекет башчысы - президент.

Этимология

Науру 
Наурулар. 1914-жыл

«Науру» сөзүнүн келип чыгышы жөнүндөгү так маалыматтар жок. 1909-1910-жылдары аралга келген немис профессору Пол Хамбрух бул сөздүн этимологиясына төмөдөгүдөй түшүндүрмө берген: «Naoero» атылышы анын пикири боюнча «a-nuau-a-a-ororo» (азыркы эрежелер менен жазылышы «A nuaw ea arourõ») сөзүнүн кыскартуусу болуп саналат, кыргыз тилине которгондо «мен деңиз жээгине барам» деген маанини билдирет. Бирок, Науру аралында 30 жылдан ашык жашаган жана науру тилин терең изилдеген немис католик миссионери Алоиз Кайзер бул чечмелөөнү туура эмес деп санаган, анткени жергиликтүү тилде негизги этиш менен колдонулган «деңиз жээги» деген сөздөн кийин «ылдый» деп которулган кошумча «rodu» сөзү колдонулушу керек. Наурулуктар өздөрү «деңиз жээги» деп аралдын эң жапыз жерин түшүнүшөт, бул сөз кургактыкка да, деңизге да карата колдонула берет. Хамбрухтун «rodu» деген сөздү, этимологиянын маанисин түшүндүрүүдө эске албагандыгы анын божомолдорунун негизсиз экендиги жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет.

Аралдын башка аталыштары да бар: англиялык колонизаторлор 1888-жылга чейин Науруну Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island), немистер «Nawodo» или «Onawero» деп аташкан. Кийинчерээк европалыктар өлкөнүн атын туура жазуу жана окуу максатында «Nauru» сөзүнүн жазылышын «Naoero» деп өзгөртүшкөн.

Тарыхы

Науру 
1880-жылдардагы жарандык согушка катышкан Науру жоокеринин сүрөтү

Науру аралына болжол менен 3 миң жыл мурун микронезиялыктар жана полинезиялыктар келип отурукташышкан. Бир версияга ылайык, Науруга биринчи көчүп келгендер Бисмарк аралдарынан келишкен жана меланезиялыктар, микронезиялыктар жана полинезиялыктар болуп бөлүнгөнгө чейин эле океандык этностун өкүлдөрү болушкан. Салты боюнча, аралдыктар өздөрүнүн ата-тегин эне тарабы боюнча эсептешкен. Европалыктар келгенге чейин Науру аралынын калкы 12 уруудан турган. Бул тарыхый уруулар Науру Республикасынын азыркы желегинде жана гербинде он эки бурчтуу жылдыз катары чагылдырылат.

Европалыктардын арасында биринчи болуп Науруну 1798-жылы 8-ноябрда Жаңы Зеландиядан Кытайга сүзүп бара жаткан англиялык капитан Жон Фирн ачкан жана кийинки 90 жыл бою колдонулган Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island) деген аталыш менен атаган.

Физикалык жана географиялык мүнөздөмө

Географиялык абалы

Науру 
Наурунун картасы

Науру аралы Тынч океанынын батыш тарабында экватордон 42 км алыстыкта жайгашкан. Жакынкы арал Банаба (Ошен) — Наурудан 288 чакырым алыстыкта, чыгыш тарабында жайгашкан жана Кирибати Республикасына таандык. Өзгөчө экономикалык жээк аймагынын аянты — 308,480 км², анын 570 км² аянты аймактык сууларга туура келет. Кирибати жана Маршалл аралдары менен чектешет — өлкөнүн чек аралары өзгөчө экономикалык аймактардын чектери менен өтөт.

Науру аралы — жанар тоонун чокусунан көтөрүлгөн шуру (коралл) атоллу болуп саналат. Аралдын формасы сүйрү, чыгыш жээги аралдын ичин көздөй ийри келип Анибар булуңунун суулары менен чулганып турат.

Аралды курчап турган коралл рифи аркылуу жээкке оңой сүзүп өтүү үчүн бир нече каналдар жасалган. Аралдын жалпы аянты — 21,3 км², узундугу — 6 км, туурасы — 4 км. Жээк тилкесинин узундугу — 18 км. 65 метрге (кээ бир маалыматтар боюнча, 61-71 метр) жеткен эң бийик жери — Айво жана Буада округдарынын чек арасында жайгашкан. Океандын тереңдиги аралдын жээгинен бир чакырым алыстыкта 1000 метрден ашат. Бул жерде суу астында жайгашкан тик жарлар орун алышкан.

Аралдын бети — борбордук бөлүгүндө бийиктиги 30 метрге чейин жеткен акиташ дөңсөлөрү жана аны курчап турган кууш, туурасы 100-300 метрге жеткен дениз жээгинде жайгашкан түздүктөн турат. Дөңсөлөрдүн курамы, деңиз канаттууларынын экскременттеринен пайда болгон фосфориттерден (науриттерден) турган.

Арал туурасы болжол менен 120-300 метр болгон кууш шурулуу рифтер менен курчалган. Бул рифтер аркылуу кичинекей кайыктарга аралдын жээгине түз жетүүгө мүмкүндүк берген 16 канал казылган.

Науру Тынч океанындагы үч чоң фосфариттерге бай шуру (коралл) атоллдорунун бири болгон. Азыркы учурда Наурудагы фосфариттердин запастары дээрлик толугу менен казылып алынган жана борбордук бөлүгүндө фосфариттерди казуу иштеринин натыйжасында 15 м бийиктиктеги акиташ чокулары калган. Кен казуу Наурунун жер аянтынын 80% жашоо үчүн жараксыз кылган жана жаратылышка орду толгуз зыян алып келген. Фосфориттердин жана аны казып алуудан чыккан калдыктардын океанга түшүсүнүн себебинен, аралдын айланысында жашаган деңиз жандыктарынын 40% толугу менен жок болуп кеткен деп божомолдонууда.

Климат

Геология

Суу ресурстары (гидрология)

Науру аралында дарыялар жок. Аралдын түштүк-батыш бөлүгүндө жамгыр суулары аркылуу толуктанып турган кичинекей, аз туздуу Буада көлү жайгашкан. Анын деңгээли Науруну курчап турган океандан 5 метр жогору.

Аралдын тургундарынын көйгөйлөрүнүн бири — таза суунун жетишсиздиги. Өлкөнүн калкынын санынын өсүшүнүн фонунда бул маселе жыл сайын курчуп баратат. Аралда бир гана океан суусун тузсуздандыруучу завод бар, ал Наурудагы жалгыз электр станциясы иштеп чыккан электр энергиясы менен иштейт. Бирок, электр энергиясынын баасы өтө жогору болгондуктан, тузсуздандыруучу завод көп учурда өз ишин токтотот. Жаан-чачын учурунда калк сууну атайын идиштерге чогултуп, андан ары аны турмуш-тиричилик муктаждыктарына, бакчаларды сугарууга жана малдарына пайдаланышат. Кургакчылык мезгилинде Австралиядан атайын кемелер менен ичүүчү суу алынып келинет.

Ярен округунда Мокуа үңкүр системасы менен байланышкан кичинекей жер астындагы Мокуа-Вел көлү жайгашкан. Океан жээгинен алыс эмес, Июв жана Анабар округдарынын чек арасында, бардык тараптарынан кургактык менен курчалган жана океан менен туташкан кичинекей көлдөрдүн тобу бар.

Топурак

Науру аралынын жээгиндеги топурак катмары өтө жука — болгону 25 сантиметр, коралл жана шагыл калдыктарынан. Борбордук дөңсөлөрү негизинен, органикалык, кумдан же аз фосфаттуу доломиттен турган акиташтан турат. Айдоого ылайык жер катмарынын калыңдыгы болжол менен 10-30 см гана түзөт.

Жапайы жаратылыш

Саясий түзүлүшү

Мамлекеттик символика

Науру Республикасынын мамлекеттик желеги, герби, гимни жана конституциясы 1968-жылы кабыл алынган жана бекитилген.

Мамлекеттик түзүлүш

Мыйзам чыгаруу бийлиги

Аткаруу бийлиги

Сот бийлиги

Шайлоо округу

Административдик-аймактык түзүлүшү

Экономикасы

Экономиканын негизи - фосфориттерди казуу жана экспорту (чамасы жылына 2 миллион тонн). Элдеги ар бир кишиге кирешеси боюнча (13 миң АКШ доллары) Науру дүйнөдө эң бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Фосфориттер чыккан жерди калыбына келтирүү үчүн атайын каржы фонд ачылган. Чет өлкөлөргө инвестицияларынын көлөмү жылына 1,2 млрд жакын. Кокос пальмаларды айдашат. Балыкчылык. Тышкы соода байланыштар Австралия, Жаңы Зеландия жана Жапония менен. Акча единицасы - австралиялык доллар.

Булактар

Тышкы шилтемелер

Tags:

Науру ЭтимологияНауру ТарыхыНауру Физикалык жана географиялык мүнөздөмөНауру Жапайы жаратылышНауру Саясий түзүлүшүНауру Административдик-аймактык түзүлүшүНауру ЭкономикасыНауру БулактарНауру Тышкы шилтемелерНауруАнглис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ОрусияШүкүрбеков РайканБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыЖыйырма сомКыргызстандын гербиСарыкКанадаУлуу Кыргыз ДөөлөтүЖабык уруктуу өсүмдүктөрМурунБөйрөк ишинин начарлашыМамлекеттердин тизмесиЧүкө оюндарыПневмонияАлгоритмКанБазар экономикасыБек БорбиевЖазгыч акындарАлгачкы коомОрфографияЖоопкерчиликТалас районуТопуракНамазЭркектин репродуктивдик тутумуМаданиятМуктар АуэзовЧубак ажы ЖалиловОрганизмТилдердин классификациясыКеңдикАбдылас МалдыбаевКакырыкӨпкөнүн сезгенишиАзотАвстралияЭмчектеги балаКоргол ДосуевРиторика.Риторика илими.«Көкөтөйдүн ашы»Кыргыз улуттук оюндарыСөздүк (лингвистика)МетафораДан өсүмдүктөрүКош сөздөрАлай районуЖер семирткичтерМолекулаАжар (повесть)Англис тилиБаткен облусуДем алуу системасыБулбулЫсык-КөлБизнесКомузБаңгизатВладимир ЛенинАппендицитМанасчыСын атоочКүнАялдын жыныс органдарыБагыныңкы сүйлөмАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЖыл мезгилдериБиринчи дүйнөлүк согушИнновацияӨтмө мааниОкутуу методуПублицистикаКыргыз музыкасыСеметей эпосуФилософияТүштүк АмерикаМарсТүндүк Америка🡆 More