Колумбия (исп. Colombia), расмий аталы Колумбия Республикасы (исп. República de Colombia) — Түштүк Американын түндүк-батышында жайгашкан Борбордук Америкада да аймактары бар мамлекет.
Борбору — Богота шаары.
Колумбия Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «Libertad y Orden (Эркиндик жана тартип)» | |||||
Гимн: «¡Oh, Gloria Inmarcesible!» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 20-июль 1810-жылы ( Испаниядан) | ||||
Расмий тили | Испан тили, англис тили, креол тили | ||||
Борбор шаары | Богота | ||||
Ири шаарлар | Богота, Медельин, Кали, Барранкилья, Картахена | ||||
Башкаруу формасы | Президенттик башкаруу системасы | ||||
Президент Вице-президент | Густаво Франсиско Петро Уррего Франсия Элена Маркес Мина | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 25-орун - дүйнөдө 1,141,748 км² 2,1 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 52,085,170 адам (27-орун) 45,68 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы | 1,02 трл $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга | 363,835 млрд $ 6,975 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,752 (жогору) (88-орун) | ||||
Акча бирдиги | Колумбия песосу | ||||
Домени | .co | ||||
ISO коду | CO | ||||
ЭОК коду | COL | ||||
Телефон коду | +57 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC −05:00 |
Чыгышынан Бразилия, түштүгүнөн Эквадор жана Перу, батышынан Панама менен чектешет.
Деңиз аркылуу Коста-Рика, Никарагуа, Гондурас, Жамайка, Гаити жана Доминикан Республикасы менен чектешет. Батышынан Атлантика океанынын, түндүгүнөн Кариб деңизинин суулары менен чулганат. Калкынын саны боюнча Түштүк Америкада Бразилиядан кийинки 2-орунда, дүйнөдө 28-орунда жана испан тилинде сүйлөгөн калктын саны боюнча 2-орунда турат.
Өлкөнүн аталышы Американы ачкан атактуу саякатчы Христофор Колумбдун атынан келип чыккан. Бул аталышты Түштүк Американын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн венесуэлалык революционер Франсиско де Миранда, Испания менен Португалиянын басып алган жерлерине карата колдонгон.
Кийин бул аталышты Симон Боливар «Ямайкадан келген каттында» (исп. Carta de Jamaica) сунуш кылган.
1819-жылы Жаңы Гранада вице-падышалыгынын аймактарын камтыган (Колумбия, Панама, Венесуэла, Эквадор, Бразилиянын түндүк-Батышы) республиканы түзүүдө кабыл алынган атылыш — Колумбия Федеративдик Республикасы.
Бирок, кийинчерээк Эквадор менен Венесуэла бөлүнгөндөн кийин, өлкө Жаңы Гранада деп, 1858-жылдан баштап Гранада Конфедерациясы деп, ал эми 1863-жылы Колумбия Кошмо Штаттары деп аталып жүргөн.
1886-жылдан тарта азыркы аталышындагы — Колумбия Республикасы түзүлгөн. Эквадор жана Венесуэла өкмөттөрү бул аталышты өлкөлөрдүн жалпы мурасы деп кабыл алып, талашып келишкен. Азыркы учурда бул талаш-тартыштар толугу менен токтогон.
Өлкөнүн аталышынын келип чыгышы республиканын гимнинде чагылдырылган:
Баатырлардын каны сиңген Колумбдун жери (исп. Se baña en sangre de héroes la tierra de Colón) Нуньес Моледо Рафаэль |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Колумбия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.