Европа комиссиясы (Европа шериктештигинин комиссиясы) – ЕБнын башкы органдарынын бири; ал жалпы макулдашуу боюнча, 25 өлкө өкмөтү тарабынан дайындалып, Европа парламенти жактырган 25 мүчөсүнөн туруп, анын аткаруу органы болуп саналат.
Комиссиянын ар мүчөсүнө белгилүү бир ишмердүүлүк чөйрөсү бекитилип, ал башкаруу аппаратынын (баш директорлук, атайын кызмат ж. б.) колдоосундагы саясий кеңешчилер менен нускоочулардан турган кеңеш берүү тобуна таянат. Комиссия ЕБ кеңешинин чечиминин негизинде же ал тарабынан кабыл алынган көрсөтмөлөрдү түздөнтүз аткаруу жолу аркылуу ЕБ саясатын жүзөгө ашырат. Комиссия мүчөлөрү өз өкмөтүнүн аргандай көрсөтмөлөрүнөн көзкарандысыз болуп, Европарламенттин көзөмөлүндө турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Европа комиссиясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.